Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Жал кичирайонунда көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты


Бишкектин Жал кичи району. 16-сентябрь, 2020-жыл.
Бишкектин Жал кичи району. 16-сентябрь, 2020-жыл.

Бишкектин Тыналиев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнө 16-сентябрь күнү, саат 22:23тө маалымат түшкөн.

Бишкек шаардык өрт өчүрүү башкармалыгынан үч өрт өчүрүүчү бөлүм тиешелүү техникасы менен барды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ӨКМдин басма сөз кызматкери Элзат Абдраимова билдирди. Анын айтымында, саат 23:30га карата өрт чектөөгө алына элек.

Баштапкы маалыматтар боюнча өрттөн жабыркагандар жок. Өрттү өчүрүү иштери уланууда.

Күбөлөрдүн маалыматына караганда, өрт 14 кабаттуу үйдүн 13-кабатынан чыккан. Ушу тапта тилсиз жоо өчүрүлгөнүн кичи райондун жашоочулары билдиришти. Социалдык тармактардагы видео тасмаларда өрттөнүп жаткан бийик кабатка өрт өчүрүүчүлөрдүн суусу жетпей жатканын көрүүгө болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG