Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Бишкек шаардык сотунда «Вефа» соода борборуна байланыштуу соттук териштирүү болот


«Вефа» соода борбору. Бишкек шаары.
«Вефа» соода борбору. Бишкек шаары.

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаардык соту «Вефа» соода борборунун имаратын камакка алуу тууралуу Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызды кароону баштайт. Өткөн жумада аталган соода борборунда иштеген ижарачылар жана жумушчулар бийликке кайрылып, укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Алардын маалыматына караганда имаратта 200дөн ашуун ижарачы, миңден ашуун кызматкерлер бар.

7-сентябрда райондук сот «Вефа» борборунун имаратын камакка коюп, «Аруу жылдыз» компаниясына борбордогу кыймылсыз мүлктү колдонууга тыюу салган.

«Вефа» соода борборуна ээлик кылган «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнө караштуу «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы менен үч жылдан бери соттошуп келет. Талаш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үчүнчү айлампада каралууда. Түркиялык компания менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун талашына байланыштуу иш райондук, шаардык сотто каралган. Жогорку сотко эки жолу барып, кайра артка кайтарылган.

Түркиялык «Өзгүн Иншаат» компаниясы 2016-жылкы соода борбору алды-сатты келишими мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG