Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Израил Бахрейн жана БАЭ менен ынтымакка келди


Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф аз-Заяни, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху, АКШнын президенти Дональд Трамп жана БАЭнин тышкы иштер министри Абдулла бен Зайед Аль Нахайян. Вашингтон, 15-сентябрь, 2020-жыл.
Бахрейндин тышкы иштер министри Абдуллатиф аз-Заяни, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху, АКШнын президенти Дональд Трамп жана БАЭнин тышкы иштер министри Абдулла бен Зайед Аль Нахайян. Вашингтон, 15-сентябрь, 2020-жыл.

АКШнын ортомчулугу астында Израил менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрү - Бахрейн жана Бириккен Араб Эмираттары өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашты. Мындай келишимге аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү 15-сентябрда Вашингтондо Ак үйдө кол коюшту.

Аземге Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Бахрейндин жана Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министрлери - Абдуллатиф аз-Заяни менен шейх Абдулла бен Зайед Аль Нахайян катышты. АКШ президенти Дональд Трамп бул күндү Жакынкы Чыгыштын тарыхындагы жаңы учур катары сыпаттады.

Келишимде Израил менен Палестинанын бир канча жылдан берки жер талашы тууралуу сөз болгон эмес. Палестина араб өлкөлөрүнүн Израил менен ымалалашканын «чыккынчылык», «артынан урулган бычак» катары баалап келет. ХАМАС кыймылынын лидери Исмаил Радван да кескин айыптап чыкты:

«Бул палестин эли, ислам жана араб дүйнөсү каардана турган күн, бул сионисттик баскынчылар менен мамилесин жөнгө салган Бахрейн жана Эмираттардын лидерлери басмырлоого жана кемсинтүүгө кабылган күн. Биз 15-сентябрь бул лидерлер үчүн кара күн экенин эскертебиз. Алар өздөрүнүн милдетинен, Палестинаны колдоодон баш тартышты».

Вашингтондо кол коюу аземи өтүп жаткан чакта Газадан палестиналык жоочулар Израилди ракета менен аткылашты. Буга чейин Израил менан айрым араб өлкөлөрү мамилесин жөнгө сала баштаганын Иран менен Түркия сындап чыккан.

XS
SM
MD
LG