Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Партиялардын программаларын талдаган «Шайлоочунун компасы» иштей баштады


Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын программаларын талдаган «Шайлоочунун компасы» аттуу онлайн система иштей баштады. Ага ар бир партия тууралуу маалымат киргизилген.

Ошондой эле билим берүү, коррупцияга каршы күрөш, ички жана тышкы саясат, адам укуктары, экономика жана башка багыттар боюнча убадалар, пландар өз-өзүнчө бөлүнгөн.

Каалочулар каалаган партиянын программасын же кайсы бир багыттагы планын билгиси келсе, узун тексттин арасынан издеп отурбай, дароо тапкыдай ыңгайлуу жайгаштырылган.

Аны ишке ашырып жаткан «Политмер» сайтынын жетекчиси Наргиза Нанакеева маалыматтар шайлоодон кийин да сакталарын, жарандар каалаган учурда аны окуп, депутаттардын убадаларын эске салып турса болорун билдирди. Долбоорду «Сорос-Кыргызстан» фонду колдогон.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өтөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда. (SE)

XS
SM
MD
LG