Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:19

COVID-19: Жалал-Абадда талапты аткарбагандар айыпка жыгылды


Жалал-Абад шаарында пандемиядагы талаптарга баш ийбегендер 90 500 сом айыпка жыгылды. Каражат республикалык бюджетке түшөрүн мэрия «Азаттыкка» билдирди.

Пандемиядан бери тамактануучу жайларга, базарларга, дүкөндөргө жана башка кызмат көрсөтүүчү жайларга 60ка жакын рейд уюштурулуп, 573 объект текшерилди. Күз келип, той-топур көбөйгөндүктөн, салтанат өткөрчү жайларга көзөмөл күчөтүлдү.

Коронавирус илдетинен улам Кыргызстан март айынан тартып бир катар чектөөлөрдү киргизген. Шарттар улам жеңилдетилгени менен илдеттин күчөп кетүү коркунучу бар экенин өкмөт эскертип келатат. Адистер санитардык талаптарды сактоого чакырышууда.

COVID-19 вирусуна кабылгандардын алгачкылары Кыргызстанда 18-мартта аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, оору жуккандардын саны 16-сентябрда 45 072 кишиге жетти. Алардын 41 210 сакайып, 1063 жашоо менен кош айтышты. (TB)

XS
SM
MD
LG