Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-октябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:02

ДССУнун коронавирус пандемиясы тууралуу жарыялаганына жарым жыл болду


Бишкек, 22-июль. 2020-жыл

Туура жарым жыл мурун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясы башталганын жарыялаган.

Өткөн жылдын этегинде Кытайда башталып, дүйнөнү каптаган коронавирустан 900 миңден көп киши көз жумду. Вирус козгогон COVID-19 илдетине 28 миллиондон ашуун киши чалдыкты. Эң көп жапа чеккен өлкөлөр АКШ, Индия жана Бразилия болууда. Бардык чараларга карабай, ушул тапта бир катар жерлерде оору жуккандар көбөйүп жатат. Акыркы төрт күндө эле дүйнөдө вируска кабылгандар бир миллионго көбөйдү. Бир айда вирус жугузуп алгандарга сегиз миллион киши кошулду.

Францияда соңку бир күндө коронавирус 10 миңдей кишиден табылды. Бул эпидемия башталгандан берки өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Өзбекстанда жети күндөн бери көрсөткүчтөр жогорулап жатат. 10-сентябрда 512 адамдан вирус табылды. Алардын көбү Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, соңку бир суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алды. «Тез жардамга» кайрылгандар жана абалы оор бейтаптар да көбөйүп жатканы кабарланды.

XS
SM
MD
LG