Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:27

НАТОнун элчилери Навальный үчүн чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдан улам НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн элчилери 4-сентябрда чукул жыйынга чогулду. Алар бул окуяга байланыштуу Орусияга чара көрүүнүн жолдорун талкуулашмакчы.

Мунун алдында Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган. Навальный ушул тушта Германияда оор абалда жатат.

30 мамлекеттен турган НАТОнун жума күнкү жыйынынын алдында Түндүк Атлантикалык Альянс Москваны орус оппозиция лидеринин ууландырылышын толук жана ачык иликтөөгө чакырары айтылган. Бирок бул окуядан улам Орусияга каршы чара көрүү маселеси кийинчерээк чечилмекчи.

Жыйындан соң НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг билдирүү жасайт. Мунун алдында Столтенберг Навальныйдын окуясы «нес» кылганын айтып, «НАТО кандай гана химиялык курал колдонулбасын, ал эл аралык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептей турганын» айткан.

Буга чейин Евробиримдиктин тышкы иштер мекемеси да Москваны кылмышты терең иликтөөгө чакырган.

Германия орус президенти Владимир Путиндин башкы каршылашы Алексей Навальный «Новичок» тобуна кирген, нервди шал кылчу зат менен ууландырылганын жарыялаган. Немис канцлери Ангела Меркел «ууландыруу аркылуу Навальныйдын көзүн тазалоо аракети» болгонун айткан. Берлин ушул тушта Евробиримдиктеги жана НАТОдогу өнөктөштөрү менен бирге Орусияга чара көрүүнүн жолдорун караштырып жатат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Батыш өлкөлөрүн кандайдыр бир тыянак чыгарууга шашылбай турууга чакырып, Москва «болгон окуянын себебин аныктагысы келерин» билдирген. Ошондой эле Германияны Навальныйдын анализине байланыштуу маалыматтарды Орусия менен бөлүшүүгө үндөгөн:

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

«Орус мамлекетин айыптоого эч кандай негиз жок. Биз эч кандай дооматты кабыл албайбыз. Орусиянын Башкы прокуратурасы укуктук жардам тууралуу өтүнүч жөнөткөн, анын немис тарап алган. Бирок азырынча жооп келе элек. Кечээ Берлинде Тышкы иштер министрлигинде биздин элчиге да ууландырылганы тууралуу тыянак чыгарган немис адистеринин иликтөөсү боюнча кандайдыр бир конкреттүү маалымат берилген эмес».

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши Кошмо Штаттар өнөктөштөрү менен кошо бул окуяга тиешеси бар адамдарга чара көрө турганын маалымдаган. Айрым конгрессмендер президент Дональд Трамптын администрациясын чара көрүүгө үндөгөн.

Навальныйдын окуясынан улам ушул тушта Германияда немис өкмөтүнөн «Түндүк агым - 2» долбоорун токтотууну талап кылгандар көбөйдү. Өткөн аптада Ангела Меркел мындай кадамга барбай турганын айткан жана бул АКШ менен айрым европалык өнөктөштөрүнүн сынын жараткан.

Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер «Түндүк агым - 2» долбоору боюнча бардык жагдайлар эске алынышы керек экенин билдирди:

Маркус Зёдер.
Маркус Зёдер.

«Эми «Түндүк агым» боюнча. Бул мамлекеттин чечими эмес, бул жеке сектордун экономикалык чечими. Менимче, бул жерде бир учурдун экинчи жагдайга тиешеси жок. Ошол эле учурда, албетте, бул окуя долбоорго көлөкөсүн түшүрөт. Бирок биз алгачкы кадам таштап жана дипломатиялык, саясий маселелерди аныктап алышыбыз керек. Биздин тышкы дипломатияда туура тең салмактуулукка артыкчылык берилет».

«Түндүк агым - 2» долбооруна ылайык, Балтика деңизинин түбү менен газды Орусиядан Германияга жеткирүү каралган. Бул долбоорго Москва менен Берлинден сырткары Финляндия менен Швеция да кошулган. Былтыр күзүндө Дания газ түтүктөрүн өз өлкөсүндөгү суу аркылуу алып өтүүгө макул болгон.

«Түндүк агым - 2» долбоору план боюнча быйыл ишке кириши керек эле. Бул газ кууру аркылуу Орусия өз энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуудан көз карандылыгын азайткысы келип жатат.

Бул долбоорго АКШдан сырткары Чыгыш Европа мамлекеттери да каршы болуп жатышат. Ал эми Брюссел «Түндүк агым - 2» Евробиримдиктин орусиялык көгүлтүр отунга көз карандылыгын күчөтүп, ички рынокко коркунуч жаратат жана шаркеттин энергетикалык саясатына доо кетирет деп эсептейт.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG