Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Жер ортолук деңизине жаңы газ кууру төшөлөт


Кипрдин президенти Никос Анастасиадис (солдон оңго), грек премьер-министри Кириакос Мицотакис жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Афины, 2-январь 2020-жыл.
Кипрдин президенти Никос Анастасиадис (солдон оңго), грек премьер-министри Кириакос Мицотакис жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Афины, 2-январь 2020-жыл.

Грециянын, Кипрдин жана Израилдин лидерлери Жер ортолук деңиздин чыгышынан Европага газ жеткире турган жаңы куурдун долбоору боюнча макулдашууга кол коюшту.

1900 чакырымга созула турган газ түтүктөрү деңиз алдына төшөлүп бүтсө, Европа Орусиянын көгүлтүр отунуна мурдагыдай көп көз каранды болбой калат.

"EastMed" деп аталган бул долбоор боюнча келишимге кол коюу аземи 2-январда Афиныда өттү. Ага грек премьер-министри Кириакос Мицотакис, Кипрдин президенти Никос Анастасиадис жана Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху катышты.

Эми үч өлкө жаңы газ куурунун долбоорун жеке менчик инвесторлорго сунуштайт. Планга ылайык, инвестиция 2022-жылга чейин табылып, газ кууру 2025-жылы курулуп бүтүшү керек.

Түркия Жер ортолук деңиздеги бул сыяктуу долбоорлорго Анкаранын макулдугу керек экенин билдирип, жаңы газ кууруна каршы болуп келет.

Орусия быйыл Европага орус газын жеткире турган "Түрк агымы" жана "Түндүк агым - 2" аттуу эки жаңы газ куурун ишке киргизгени турат.

XS
SM
MD
LG