Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:21

«Der Spiegel»: Меркел Навальныйга ооруканадан тымызын жолугуп кеткен


Алексей Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан.
Алексей Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан.

«Der Spiegel» немис басылмасы Германиянын канцлери Ангела Меркел орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ооруканада жатканда ага тымызын жолугуп кеткенин жазды. Журналисттер Меркел мындай «адаттан тыш ишараты менен немис өкмөтүнүн орус оппозиционерине тилектештигин көрсөткүсү келген» деп белгилешкен.

Жолугушуунун чоо-жайы тууралуу расмий маалымат берилген эмес.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет жана Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG