Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

Тозоктон кутулуунун аргасы


Иллюстрациялык сүрөт.

Турмуштун алгачкы сыноосуна туруштук бере албай ажырашып кеткен ата-энелердин айынан бала өксүк менен өсөт. Турусбек Мадылбайдын «Кичинекей Бердинин азаптарында» социалдык курч проблема көркөм иликтөөгө алынган.

Чарылдаган коңгуроо

Берди мектеп коңгуроосун аябай жек көрчү. Сабактын кызыгына кирген чакта «чар» эте түшкөн ачуу үн баланы селт этирчү. Сабактын бүткөнүн айгинелеген коңгуроо кыйлага үнүн баспай, дүрдүккөн окуучулар сыртка шашат. Бир күндүк сабак аягына чыгат, эми эртеңге чейин эркиндик. Берди сабактын бүтүшүн каалабайт, окуп эле отура берсе. Эми үйүнө барышы керек. Канча ирет үйүнөн качып чыкты, издеп жүрүп байкуш баланы таап алышат да ата-энесине алып келип беришет.

Арактан башы чыкпаган апасы менен өгөй атасына баланын качып кеткени, үйгө келгени бир тыйын болчу. Аракка тоюп, көзү-башы шишиген, тек адам кейпи гана болбосо айбандан жаман мына ушул кош аяктуу макулуктар Бердинин көңүлүн оорутуп, канча ирет сабап, үйдөн кууп чыгышты. Чоңдорду көрсө жалтаңдап коркуп турган баласын кээде өгөй атасы чарчаганча токмокточу.

– И-и, качайын дедиңби, йа, иттин баласы? Ата-энеңен качат экенсиң да, а? Өз ата-энеңен качасыңбы, йа? Ме сага, акмак!.. И-и, качпайсыңбы эми? Сениби, йа..! – тигил бир чекеден бир чекеге качып жүргөн Бердини кууп алчу.

– Кыйкырбайсыңбы эми, чакыр элди!.. Жардамга чакыр деп атам!..

Бирок Берди эч кимди деле чакырбайт, анткени ал билет, бардыгы тарап кеткенден кийин өгөй атасы ого бетер кыжырланып, аны дагы катуурак сабайт, эси оогончо токмоктойт.

Берди унчукпай, жөн гана муш жеп отура берчү, кээде гана буйтап качат, тигил чарчаганча чыдайт, өгөй атасы энтигип, кайрадан арак ичкени наркы бөлмөгө кеткенче күтөт. Бирок бул жолу өгөй атасы эч кетпей койду.

Ошондо бүт денеси канжалап, бети-башы көгала болгон Берди жанталашып эшикти көздөй атырылды да, көчөнү карай качып чыкты. Ал көпкө чуркап жүрүп отурду, каякка, эмнеге бара жатканын деле билбейт. Бирок баары бир, ушул тозоктон кутулса эле болду.

Эртеси кайра келерин ойлогондо жүрөгү түшчү, ушунун баары буга чейин төрт жыл бою кандай келсе, ошондой уланарын эстегенде жаны чыкчу. Ал эми анын артынан эшиктин босогосуна чуркап чыга калган өгөй атасынын айкырып сөгүнгөнү угулду:

– Э-эй, акма-ак! О, энеңди урайы-ын!

Берди көпкө чейин чуркап келди, бир чалынат, бир жыгылат, акыры буттары тартпай калды, ошондо гана ал энтигип отуруп, бир кыйла эле алыстап кеткенин, эми өгөй атасы миң кыйын болсо дагы аны кууп жетпесин эстей койду.

Зорго буттарын сүйрөгөн бойдон ал андан нары эмне кылуу керегин көпкө эстеп ойлонуп жатты. Анткени менен жүрөгүнүн лакылдаганы, ач карды эч нерсени ойлотпой койду».

«Мен уурдаган месмин»

Башкалардын тестиер бала менен кандай иши бар. Ата-энеси кантип арак тапсак деп үйүндөгү колго илинер буюм-тайымдын баарын сатып түгөтүшкөн. Бердинин ойлогонунчалык бар, эми кантип курсагын тойгузат? Уурдайбы, андайды жининен жек көрчү. Ачкадан өлүп калса да бирөөнүн дүйнөсүнө көз артпайт. Уурулукту - ушу жердин битиндей болгон тестиер - адам баласынын эң ыплас, пас жоругу деп эсептечү. Бирок ага болбой эле бешинчи класста окуп жүргөндө аны ууру тутуп, эжекеси баш болуп Бердиден көрүшкөн.

Алымкулдун баласы экөө гана класста калышкан. Тигини шак эле албайтка чыгарышты, тарбиялуу үйдөн чыккан имиш. Расим агайы алдап да, коркутуп да сурап көрдү. Берди мойнуна алган жок, албаса албадым дейт да.

«– Ууруну тапкан эмес, аны жашырган чыккынчы экенин эстен чыгарба. Сатпайм дегидей азыр согуш маалы мес, мен да сага кыйнай турган мыкаачы, канкор эмесмин. Көрөөр элем, чындап согушта сен кандайча оозуңу ачпай чыдайт элең, кыйнап киргенде ошо сага окшогондор биринчи сатат, муну билесиңби? Душманыңын алдында унчукпаганыңы көрөт элем. Алар сенин колуңу чагып болсо да айттырмак. Ошондо сен биринчи безилдейт элең го. Сен да бүт айтат элең, шеригиң да бүт айтмак, анткени силер, уурулар эч качан адам болбойсуңар!

– Мен ууру месмин! – Берди чыңырып жиберди, анан өз чыңырыгынан чоочуп кетип, ыйлап да жиберди.

– Жок, сен уурусуң! Сен уурусуң, анткени сен өзүң менен тең кыздын акчасын уурдадың! – деген бойдон Расим агай ордунан тура калды.

– Жок, андай мес, – Берди боздоп жиберди. – Мен уурдаган месмин... Мен акчаны уурдаган месмин...

– Анда ким муну кылды? Акчаны ким уурдады, йа? Алымкулдун баласыбы?..

– Ооба! Ооба! Ооба! – Берди эки кулагын бекем басып алып айкырды. Агайы жанына отуруп алып, башынан сылады.

– Ыйлаба, – деп сооротту ал. – Бул биздин сүйлөшкөндү башка эч ким билбейт, бирок сени мындан нары ууру деп да эч ким айтпайт...

Чынында эле, көп өтпөй аны мектепте мындан нары ууру деп эч ким айтпай калды».

Анткен менен ачкалык уурулукка алып келет экен. Берди көкүрөгү орден-медалдарга толгон ардагердин үйүнө туш келип, анын чалгынчылар тууралуу айткандарын угуп, биринчи ирет балдакчан кишинин өтүнүчүн четке кага албай согушта курман болгондорду эскерип арак ичип, үй ичиндеги мастардын кебин угуп, кантип уктаганын билбей калды.

Ардагердин алдамчылыгы

Кечээки арактан башы ооруп эртеси сабакка барбай калды. «Согушта чалгынчы болгонмун» деген Асан аке Бердинин мектепке барбай калганын угуп капа болду.

«– Кой, сени мен эми өзүм тарбиялабасам болбой калыптыр, – деди ал, анан кайра бир аз жылмайып, баланы далыга чапкылады. – Мейли, аны биз эртеңден баштайбыз, азырынча эс алгын.

Берди түндө уктаган бөлмөсүнө кирди да, сыналгыны койду. Ал сыналгыны көптөн бери көрө элек: өгөй атасы апасы менен урушканда сыналгыны сатып жиберген. Сыналгыда Маскөөнү көрсөтүп, ал жердеги куруучулар жөнүндө бир нерсени айтып берип жатыптыр. «Ошоякка кетип калсам кана!» – деп кыялдана кетти Берди, анан бир маалда муңая түштү.

Ал чоң кишилерге таарынганын эстей койду: апасы да, өгөй атасы да анын тынчын койчу эмес. Же акча тапканды өзүнө койбойт. Ал эми милийсалар болсо... алар, тескерисинче, ата-энесине көмөктөшүп, бир жерге барып, ишке орношоюн деп үйүнөн качып кеткенде, кайра аны үйүнө жеткирип коюшат. Ушул ойлору менен Берди дубалга жөлөнүп жатып уктап калды».

Үйүнөн качып кеткен тестиерге жакшы мамиле кылган Асан аке түнүчүндө аны бир жакка алып барарын, Берди чалгынчы абасына жардам бериши керек экенин айтты. Анысы айылдын кыйла көчөсүнөн кийин четтебирээк жердеги бир үйдөн баштыкты алып келиш экен. Бердиге бир баштыкты көтөрүп барып, ордуна башкасын алып келиштин эч кыйындыгы жок эле. Тек Кондрат-акесинин үйүндө толтура милийсалар топтолгону баланы сестентти.

Биринчи чалгындын натыйжасы ойдо жок жерден Бердини дагы милийсанын колуна салып берди. Милициядан аны Расим агайы бошотуп келди.

«– Иштин жайы мындай, – тескөөчү желкесин кашынып калды. – Биз биерде бир нашаа сатканды кармадык. Анан анын соодагерлеринин бири болуп... ушу бала чыкты...

– Алманов наша саткандардын арасындабы? – Расим аң-таң болду.

– Жок, эми андай эмес дечи, – тескөөчү оңтойсуздана түштү. – Андай эмес... Ал жөн эле арасына кошулуп калыптыр. Бу карт бөрүлөр ушундай балдардан топтойт да...

Чалдар деле анчалык аша чапкан соодагер эмес, болгону пенсиясынан тышкары биртике акча таап алайын деп, ушундай шумдук ишке барышат. Алар балдарды алдап иштетет. Өздөрүн согуш каарманы катары көргөзүп, орден медалдарды тагынып алат, анан балдар аларга ишенет да. Ошентип алар согуш ардагерлерине жардам берген болот...»

Кызыктын баары ошондо башталды. Милициянын тар бөлмөсүндө отурган бала үйүнө баруудан баш тартып, а көрөкчө абакта отурган жакшы экенин безилдеп айтып, агайынын оозун ачырды. Баланын ата-энесинен көңүлү калганын билип агайы үйүнө ээрчитип келген.

Кийин апасы менен атасы келип канча чатак кылышты, Расим бала өзү чечсин деп алардын кеп-сөзүнө кийлигишкен жок. Коркутуп-үркүтүшкөнүнө, алдоосуна мелтейген бала макул болбой отуруп алды. Ал арада «асырап багып алуу бөлүмү Бердинин апасын энелик укугунан ажыратып, өгөй атасын ичкиликтен дарылоого зордоп жөнөттү. Бердини балдар үйүнө жөнөтүү коркунучу туулду. Дал ошондо Расим өз аракетин баштады: ал баланы багып алуу жөнүндө арыз тапшырды».

Аны уккандардын бир да бирөө Расимдин бул кылыгын жактырышпады. «Аракеч үй-бүлөнүн баласы чоңойсо тентек, бейбаш болуп кетет, азабын аябай тартасың» дешти. Көздөгөнүн бербеген Расим агайы чуркап жүрүп Бердини өзүнө бала кылып каттатып алды. Эл оозунда элек жок, өгөй атасын дарылатканга жөнөтүп, апасын таштап кеткен баланы жамандабаган киши деле калбады окшойт.

Балакеттүү ичкилик Бердини дагы бир ирет оор сыноого кабылтты. Жарашып калышы ыктымал деген аялы башка бирөөгө турмушка чыгып жатканын уккан Расим агайы чалчыкка оонап, өзүн билбей, баткак болуп келгенин көргөн Берди бу аракечтерден биротоло качып кутулайын деп үйдөн чыгып кетип баратып баягы «чалгынчы» Асан акенин арагын иччү балдар жалгыз кызды көптөп зордуктап жатышканын көрүп, эч ойлонбой жардамга умтулду.

Зөөкүрлөрдү деле кой-ай деген киши жок. Кызга болушмакчы болгон Берди башынан таяк жеп эс-учун жоготуп, өлүү-тирүүнүн ортосунда арабөк жаткан жеринен, дагы ичер суусу бар экен, ооруканага жеткирилип аман калды. Расим агайы ошондон кийин арак ичпешке убада берди. Ал убадасын аткарат.

«Угушумда, биздин кыздардын көбү эрлери менен ажырашып кетиптир го... Өтө намыскөйлүгү үчүнбү, йа? Күйөөлөрү ичип келип, алар тытышып, ошондойбу? Мага ошондой дешкен. Анда минеге аларга тийдиңер дегим келет? Кимге тийип атканын билбей коюптурбу, йа?

Билип эле тийген, бирок анда ошол күйөөлөрү эр көрүнгөн, эркек көрүнгөн да. Арак ичсе, тамеки тартса, мушташса ле ошолор кыйын болчу да. Анан тийип алгандан кийин алардын эрдиги жалаң катындарын токмоктогонго, катындарынын намысын тепсеп-тебелегенге жарай тургандыгын көрүп, бүгүн кайра ыйлактап коюшат.

Ошонун бүт арты мине болду? Балдары атасыз чоңоюп жүрөт, өгөй аталарынан муш жеп жүрөт. Жакшы адам болуп калса го мейли, бирок көпчүлүк учурда андай болбойт экен да, – Расим Берди тарапты көрсөттү.

– Мына, бу бала дал ошондой аталардын колунан чыккан... Мунун азаптарын билсеңер, кандай кыйналганын билсеңер, намыс жөнүндө көп сүйлөбөйт болчуңар...»

Кичинекей Бердинин азаптары – бүтүндөй бир муундун өксүгү, балалыгы азапка түшкөн кичинекейлердин айта албай келаткан арманы. Жазуучу кыргыз коому туш келген оор социалдык илдеттин тереңдеги тамырын таап, өсүп келаткан өксүк муундун кайгы-касиретин бейкүнөө тестиердин мисалында ачып берген.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG