Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 05:32

Казакстандагы митингде активисттер кармалды


Дем алыш күндөрү Казакстандын бир нече регионунда нааразылык акциялары өттү. Алар элдин банктарга карызын кечүүнү, саясий туткундарды бошотууну жана өкмөттүн кетишин талап кылышты.

25-сентябрда Нур-Султан шаарында ишмердигине тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын кеминде төрт активистин полиция кызматкерлери кармап кетишти. Атайын автобус менен келген кара беткапчан кишилер митингде сөз сүйлөп жаткан активисттерге кол салып, аларды күч менен унаага сүйрөп кете башташкан.

Митинг боло турган күнү таң эрте Нур-Султандагы «Жаннур» соода борборунун алдында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, тегерек четин темир тор менен курчап салган. Жергиликтүү бийлик бул дезинфекциялоочу иш-чараны коронавируска каршы күрөшүү менен байланыштырган. Ага карабастан активисттер митинг өтө турган жерге жакын жерде чогулуп, казак өкмөтүнүн отставкасын жана саясий туткундардын бошотулушун талап кылып чыгышты. Активисттер өкмөт «көрмөксөн» болгон айрым көйгөйлөрдү митингге келген жергиликтүү журналисттерге айтып беришти.

«Казакстан кичинекей эле өлкө. 18 миллион эле элбиз. Жерибизди сатып жиберсек эртең балдарыбызга эмнени калтырабыз? Бизге эч нерсе болбойт десек, айыл тарапка бир баргылачы. Кандай жакырчылыкта жашашат!».

«Назарбаев менен Токаев кетсин. Бардык нерсе кескин өзгөрүшү керек. Жаштар келсин. Адамдар өз оюн эркин билдирүүгө укуктуу. Бул Конституциясында жазылган. Булардын баары бир кишинин айтканы менен жасалып жатат. Бул ката».

Ушул эле өңүттөгү билдирүүлөрдү Алматы шаарында уюштурулган митингдин катышуучулары да айтып чыгышты. 26-сентябрда Алматыдагы «Жашыл базар» соода борбору жабылып, Райымбек баатырдын эстелигинин жанына тосмо орнотулган. Митинг боло турган жерге жакын жайгашкан метро бекети кечки саат алтыдан кийин «техникалык себептерден» улам жабылган. Полиция кечке жуук аймакты көзөмөлгө алып, журналисттердин гана эркин жүрүүсүнө уруксат берген. Бул тоскоолдуктарга карабай митинг өтө турган жерге топтолгон уюштуруучулар пандемияда карапайым калктын жашоосу оорлошконун айтып чыгышты.

«Мына, кыш келатат, көмүр жок. Азык-түлүк тартыш. Бири-бирибизге каршы чыкпайлы. Андан көрө жумуш ордун көбөйтсүн. Пандемияда ансыз деле жумушсуз калгандар толтура. Жашоо жакшы болсо митингге ким чыкмак эле? Үйдө отурмакпыз. Жашообуз татаал болуп баратканынан чыктык».

«Биздин азыр 170 миллиард доллар тышкы карызыбыз бар. Кендердин баарын сатып жибергенбиз. Завод-фабрика ачышат, эртеси кароолчулар зымдарды уурдап сатып жүрүшөт. Биз бул жерге кимдир-бирөө Францияда отуруп алып митингге чакырганы үчүн келген жокпуз. Эмне үчүн жергиликтүү бийликтин бир да өкүлү чыгып бизге түшүндүрмө бере албайт? Мага «сага эмне жетишпейт деги» деп айтышат. Кудайга шүгүр, менин колум, бутум, башым бар. Бирок карапайым казак эли кыйналып турат. Мага окшогон жаштар муну карап тура албайт. Келечегибизди ойлошубуз керек»,-дешти митингге келген казакстандыктар.

Ал арада «Азаттык» радиосунун Чымкенттеги кабарчысы билдиргендей, нааразылык акциясы өтө турган шаар борборунда ишемби күнү кечинде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Полиция жана атайын күчтөр ар бир шаарда коопсуздук чараларын күчөтүп, тынчтык митингдерине жол беришкен жок. Кечки саат тогуздар чамасында гана полиция кызматкерлери Нур-Султан, Алматы, Чымкент жана Актөбө шаарларында митинг өтө турган жерлерден атайын күзөттөрдү алышып, машинелердин кыймылына уруксат берген.

Казакстандын Ички иштер министрлиги дем алыштагы митингдерде канча адам кармалганы тууралуу маалымат берген жок. Борбор калаа Нур-Султан шаарынын полиция бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары Бахытжан Малыбаев шаарда кармалган активисттер тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

«Мен эч кимдин кармалганын көргөн жокмун. Ал эми сиз айткан кишилерди полиция балким үйүнө алып кеткендир. Менимче эл чарчады. Ар кимдин көрсөтмөлөрү менен акцияга чыккандан деле эл чарчады. Чет өлкөдө отуруп алып элди дүрбөлөңгө салган кишинин элге эмне пайдасы тийди?».

Дем алышта Казакстанда өткөн нааразылык акциялары бозгундагы мурдагы банкир Мухтар Аблязов «Фейсбуктагы» баракчасынан чакырык жасагандан кийин уюштурулганы айтылууда. Ал негиздеген «Казакстандын демократиялык кыймылы» өлкөдө соттун чечими менен «экстремисттик» уюм деп таанылган. Ошол эле учурда 2019-жылы Европарламент бул уюмду «оппозициянын тынч кыймылы» деген резолюция кабыл алган.

Ал эми Аблязов чакырган митингге келгендер иш-чараны өткөрө алышкан жок. Митингге чыккандар күч менен камалып, аларга «Тынч митингдер жөнүндө мыйзамды» бузган деп айып коюлган. Мунун негизинде төрт активист 10 күндөн 15 күнгө чейин камакка алынып, айрымдары ири өлчөмдө айып төлөп чыгышты.

Сентябрь айынын акыркы дем алышына пландаштырылган тынчтык митингине бир жума калганда полиция кызматкерлери буга чейин болгон нааразычылык акцияларына катышкандарды камакка алуу жана аларга көзөмөлдү күчөткөн. Казакстандык укук коргоочулар бийлик митингчилерге жол бербөө үчүн активисттерге кысым көрсөтүп жатат деп билдиришкен. Алардын айтымында 25-сентябрдагы нааразылык акциясына чейин ондогон активисттер жаза алышкан.

Казакстандын Конституциясы тынч жана эркин жыйындарды өткөрүүгө кепилдик берет. Бирок коңшу өлкөдөгү “Тынч жыйындар жөнүндө” июнь айында кабыл алынган жаңы мыйзамга ылайык, жарандар эркин чогулуу үчүн мэрияга алдын-ала эскертүү бериши керек. Казакстандагы укук коргоо уюмдары бул документ «эл аралык стандарттарга төп келбейт» деп белгилешет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG