Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Апта: Аманкуловдун көксөгөнү, Лукашенконун жашыруун анты


Иллюстрациялык сүрөт.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп (21-27-сентябрь).

Бул аптада бийликчил делген, шайлоого бараткан «Биримдик» партиясынын лидери, Социал-демократтар фракциясынын (КСДП) депутаты Марат Аманкуловдун «евразиячылык интеграция» тууралуу билдирүүсү чуу жаратты.

Жуманын аягында Аманкуловдун буга чейин Москвада орус депутаттары менен жолугушууда айткандары тартылган видео тараган. Анда Аманкулов «Евразиялык Экономикалык Биримдик түзүлгөнү менен элдин ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген. Андан сырткары өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу сөз кылып, анын башкы идеясы «Евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалаган.

«Биздин 30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразиянын жалпы аймагында бириккен гана мамлекет Евразияда эгемен мамлекет боло алат. Биз кыргыздар өзүбүздү субъект катары жоготуп албаш үчүн чогуу интеграцияланышыбыз керек», - деген Аманкулов.


Бул видео социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Бир катар колдонуучулар аны өлкөнүн «эгемендигине шек келтирди» деп айыптап, «кошоматчылык, чыккынчылык» боюнча күнөөлөп чыгышты. Мындан улам «Баштан башта» деп аталган кыймыл 27-сентябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдында «Кул болбо» деген аталыштагы нааразылык акциясын өткөргөнү жатат. Кыймылдын өкүлү Улан Үсөйүн иш-чараны эгемендүүлүк үчүн тынчтык жүрүшү деп атады:

«Биздин бир эле байлыгыбыз калды. Ал байлык - биздин эркиндигибиз, эгемендүүлүгүбүз. Бирок ошол эгемендүүлүгүбүздү, эркиндигибизди арабыздан чыккан чыккынчылар, бийликчил адамдар башка мамлекетке сатуу, берүү тууралуу сөз кылып жатат. Биздин эркиндик - биздин байлыгыбыз».

«Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкулов интеграция тууралуу айткандары «чагым, бурмаланган» деген таризде билдирүү таратты. Анын комментарийин «Биримдик» партиясынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады:

«Бул видео чагым болуп саналат. Ал 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чара болчу. Ошол иш-чарада жалпы евразиялык цивилизациялык мейкиндикти жана калктардын тарыхый-маданий байланыштарын эске алуу менен тарыхый-маданий маселелер боюнча кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланган. Менин айтканым Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, Алтай Республикасынын Эл Курултайынын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын алп досу, Алтай цивилизациясы идеясынын жактоочуларынын бири Иван Итулович Белековдун терең сөзүнө жооп болчу. Ал биздин жалпы тарыхыбыз, кыргыздар менен Евразиянын калкынын жалпы тамыры, Эне-Сайдан Каспийге чейин созулган Кыргыз каганатынын ролу, байыркы Евразиянын тарыхы тууралуу сүйлөгөн. Менин сөзүм контексттен суурулуп алынып, шайлоо өнөктүгүндө кээ бир саясий күчтөрдүн жаман технологиялары үчүн пайдаланылууда», - деп айтылат Аманкуловдун билдирүүсүндө.

Бирок Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат. Анда «27-февралда Москва шаарында Жогорку Кеңешинин депутаттары Канатбек Исаев, Тынчтыкбек Шайназаров, Марат Аманкулов, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков и Гульнара-Клара Самат Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынын Мамлекеттик Думасынын депутаттары менен жолугушту. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине барган Президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагында уюштурулган. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын стратегиялык өнөктөштүгүн өөрчүтүү жана Эриш-аркак жылынын алкагында бир катар маданий-гуманитардык иш-чараларды биргелешип өткөрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземине күбө болушту», деген маалымат турат (текст өзгөртүүсүз берилди - ред.).

«Биримдик» партиясы да, анын төрагасы Марат Аманкулов да жолугушуунун датасы тууралуу эки ача маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.


Эмнеси болсо да Орусияга ачык жана тымызын ыктыган билдирүүлөр тегин жерден чыкпайт деген пикирлер күчөдү.

Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева айрым партиялардын интеграция маселесин көтөргөнү өлкө эгемендигине шек келтирерин буга чейинки маектеринде айткан:

«Азыр «Биримдик» жана «Кыргызстан» партиялардан башка дээрлик бардык эле партиялар конституциялык реформа тууралуу демилге көтөрүп жатат. Чагымда аларга «Жээнбековдун супсак, чөгүңкү кво-макамы» жагат шекилдүү. Бул эмнени билдирет? Бул аксаган кадр саясаты, экономиканын стагнациясы, укук үстөмдүгүнүн жоктугу, коррупцияга каршы тандамал саясат болуп жатканын көрсөтөт. Эң башкысы - тышкы саясат толук көз каранды. Биз муну мисалы «Биримдиктин» «Евразиячылык» тууралуу убадасынан көрүп жатабыз.

«Евразиячылык» деген эмнени билдирет? Мисалы, Евразиялык Экономикалык Биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында «Биримдик», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Замандаш» Кыргызстан бул уюмдун алкагында интеграцияны дагы тереңдетиши керек деп жатышат. Бул эмне үчүн маанилүү маселе? Мисалы, май айында бул уюмдун беш жылдык планы, стратегиялык өнүгүшү талкууланган. Ал жакта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев уюмдун тарыхында биринчи жолу «Стратегиянын азыркы турушу Казакстандын эгемендигине шек келтирет» деп айтты. Ошол эле учурда Сооронбай Жээнбеков аны жактап, «Кыргызстан толугу менен колдойт» деди. Эмне үчүн жогоруда аты аталган партиялар Кыргызстандын эгемендиги тууралуу маселе көтөрбөйт деген суроо жаралат. Бул маанилүү маселе. Стратегияда экономикалык интеграция гана эле эмес, ал жакта Административдик Кодексе, Жазык кодексине, Бажы кодексине жана башка тармактардагы реформа боюнча документтердин пакети бар. Бул эмнени билдирет? Эми ЕАЭБ кандай мыйзамдарды кабыл алышыбыз керектиги тууралуу көрсөтмө береби? Ошондуктан бул экономикалык гана эмес, бул саясий интеграция».


Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов «Биримдик» партиясынын «Евразиячылык» деген ураанынан улам бул партия сырттан колдоо издеп жатат деген оюн ортого салды:

«Бул Кыргызстандын коомчулугуна эмес, сыртка, бир чоң өлкөгө «Ал жактан да колдоо болсун, бизге каршы болбосун» деген белги берилип жатат. Акыркы жумаларда көп сөз болуп кетти. Кээ бир партияларда бейрасмий түрдө «бизди Орусияда бир генерал, же дагы башка кишилер колдойт» деген сыяктуу мактаныч бар. Өз күчүнө, өз идеологиясына таянбай, сырттан «чоң байкени» издеп жаткандай таасир калтырат».

Мындан эки аптадай мурун Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун айткандарынан улам да чуу чыккан. Орус басылмаларынын биринде анын «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деген сөздөрү жарыялаган жана бул кыргыз коомчулугунда талаш-талкууга негиз болгон.

Ушул тушта кыргыз диаспорасындагы Координациялык кеңешти жетектеген Аттокуров орус басылмасы анын айткан сөздөрүн бурмалап койгонун айтып чыккан. Ошол эле кезде Орусияда туруктуу жашаган жана эмгек миграциясында жүргөн адамдардын арасында мындай кеп-cөздөр болоорун билдирген:

«Бул биздин эгемендигибизге, боштондугубузга шек келтирген маселе. Бул маселени көтөрүүгө акыбыз жок, уруксат эмес. Мен айткандардын көбү кошулбай калганына таң калып атам. Мүмкүн алардын өз кызыкчылыгы, максаты бардыр».

Эки талапкер жарыштан четтеди

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул аптада Ош облусуна караштуу Араван районундагы үгүт өнөктүгү учурундагы мушташтан улам «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан талапкерлер Илхом Маннанов менен Шүкүрулло Файзуллаевду жарыштан четтетти.

Соңку окуя боюнча Боршайком 24-сентябрда жыйынга чогулуп, анда мекеменин төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңжалга байланыштуу эки тарапты бирдей күнөөлөдү. Эки талапкерди жарыштан четтетүү сунушу бир добуштан колдоо тапты:

«Мындай шартта жогорку кызматка талапкер болуп жаткан адамдар жөнөкөй жарандардын кызыкчылыгын карап гана аракеттениши керек болчу. Мен бул кырдаал үчүн талапкерлердин түздөн-түз жоопкерчилиги жана күнөөсү бар деп ойлойм».

Жыйында партиялардын жоопкерчилиги тууралуу да маселе көтөрүлдү. БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларына эскертүү берүүнү сунуштады, бирок мындай демилге колдоо тапкан жок:

«Мен партиялар түздөн-түз бул окуяга тиешеси бар деп ойлойм. Факты катары биз мунун баарын көрүп жатабыз. Тергөө бүтсө да бул нерсе ырасталат деп ойлойм. Менимче, партиялардын жоопкерчилигин да кароо керек. Мен эки партияга эскертүү берүүнү сунуштайт элем».

Жарыштан четтеген талапкерлер да, аларды тизмесмине кошкон партиялар да азырынча үн ката элек. БШКнын чечимине каршы сотко арызданар-арызданбасы белгисиз.


Өткөн жекшембиде Аравандын Юсупова айыл өкмөтүндөгү Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер Маннанов эл жыйнап, үгүт жүргүзүп жаткан маалда калайман мушташ чыккан. Жаңжалда 12 адам жаракат алып, ооруканага түшкөн. Чыр боюнча «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партиясынын өкүлдөрү бири-бирин күнөөлөшкөн.

Жума күнү Файзуллаев менен Маннанов өз ара элдешип алышканын, бири-бирин кечиришкенин айтып, соцтармактарга кол алышып түшкөн сүрөттөр жарыяланды.

Ал арада Аравандагы араздашуудан улам алты адамга айып коюлганы, сотко чейинки териштирүү башталганы белгилүү болду. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу төрт адам тергөө абагына камалганын билдирди:

«Азыркы күндө тергөөдө алты адам шектүү катары аныкталды. Төрт адам соттун чечими менен тергөө абагына камалды. Ошондой эле дагы эки адам кармалды, жакында соттун чечими менен алардын баш коргоо чарасы аныкталат. Иш боюнча элүүдөн ашык адам күбө катары суралды. Бүгүнкү күндө ар кандай жаракат алган 12 адам ооруканаларда дарыланууда. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Мындан тышкары, окуя болгон жерде беш машина талкаланган. Материалдык чыгымдарды тактоо үчүн эсептөө жүрүп жатат».

Файзуллаев Юсупова айыл өкмөтүн соңку 14 жылдан бери башкарат. Ал «Биримдиктин» тизмесинде 74-орунда болчу. Жергиликтүү тургундар Файзуллаевдер Аравандагы таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири экенин, эт бизнеси бар экенин айтышат.

«Мекеним Кыргызстан» Маннановго тизмесинен 33-орунду берген. Кесиби боюнча милиционер, убагында Өзгөн, Араван, Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеген. Парламенттин азыркы чакырылышына КСДПнын тизмеси менен шайланып келген.

Аравандагы чыр «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» партияларынын тымызын жаңжалы тууралуу талкууга негиз болду.


Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 23-сентябрдагы онлайн басма сөз жыйынында сүйлөп жатып саясий партияларга кайрылды. Боронов партияларды парламенттик жарышта элдин ынтымагына доо кетирбөөгө чакырды.

«Жарандык позициябызды туура кармап, өз кызыкчылыктарыбызды өлкөнүн кызыкчылыгынан жогору койбой, бири-бирибизди сыйлап, эч кандай чагымчылыкка алдырбай, бардык иш-аракетиңерди мыйзам чегинде алып барганга чакырам. Айрыкча элдин ынтымагына доо кетирбегиле», - деди Боронов.

Жума башында «Кыргызстан» партиясынын тизмесиндеги «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айтмамат Назаров талапкерликтен баш тартты. Анын алдында Назаров шайлоого байланыштуу кызматын убактылуу тапшырганы менен энергетикалык объектилердин ачылыш аземдерине катышып сөз сүйлөп, анысы телеканалдар аркылуу жарыяланганынан улам арыз түшкөн.

«Кыргызстан» партиясы шайлоо эрежесин бузганы тууралуу ага чейин эле эки жолу маселе көтөрүлгөн.

БШК Айтмамат Назаровго айып салынганын маалымдаган жана үгүт мыйзамдарын бузганы тууралуу материалды Башкы прокуратурага жөнөтөрүн билдирген. БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтымында, Назаровдун үгүт маалында кайтаруудагы объекттерге кирип-чыгып жүргөнү текшерилиши керек.

«Башкы прокуратурага маалымат жиберилмек болду. Анткени Айтмамат Назаров талапкер болгон учурда кызматын тапшырган. Ошол учурда өзгөчө кайтаруудагы жерлерге кантип киргенин текшериш керек», - деди Журабаева.

Прокуратура талапкерлерди талдады

Ал арада Башкы прокуратура парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмесин талдап чыкканын жарыялады.

Башкы көзөмөлдөөчү орган анда 140 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер, мамлекеттик ишканалардын жетекчилери талапкер катары катталганын, алар милдетин аткарууну убактылуу токтотконун кошумчалады. Ошондой эле 85 талапкер Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары экенин билдирди.

Башкы көзөмөлдөөчү орган добуш сатып алуу фактысы боюнча 40 кылмыш иши козголгонун маалымдады. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев 24-сентябрдагы басма сөз жыйынында үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди.

«82 кылмыш иши, жоруктар боюнча 46 иш бар. Берене боюнча айтсам, Жазык кодексинин 191-беренеси («Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу») боюнча эки, 192-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») менен 40, 193-беренеси («Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу») боюнча бир, 195-беренеси («Шайлоо документтерин бурмалоо») 25 жана башка беренелер боюнча 14 иш бар».

Анын алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда шайлоодогу мыйзам бузуу жөнүндө жарыяланган маалыматтарга мониторинг жүргүзүп жатканын маалымдаган.

Лукашенконун тымызын анты

23-сентябрда Беларустун Минск шаарында Александр Лукашенко 6-жолу президенттик кызматка расмий киришүү үчүн тымызын ант бергени белгилүү болду. Инаугурация жашыруун даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес. Ант берүү аземи тууралуу иш-чара бүткөндөн кийин гана «БелТа» агенттиги жазды.

Инаугурациялык сөзүндө Лукашенко нечен ашуу-белестерди өткөн өз элинин темирдей бекем эркине баа берип, көкөлөтө мактады.

«Президенттин кызматына киришкен күн – бул баарыбыздын ишенимдүү жана тагдыр чече турган жеңишибиз. Биз жөн гана өлкөнүн президентин тандабастан, өзүбүздүн баалуулуктарды, бейпил жашообузду, эгемендигибизди жана өз алдынчалыгыбызды коргоп калдык», - деди Лукашенко.

Ал ошондой эле быйылкы жыл Беларустун тарыхында «өтө эмоционалдуулугу» менен эсте каларын белгиледи. «Биздин мамлекеттүүлүккө болуп көрбөгөндөй сыноо туулду. Биз «түстүү ыңкылапка» жол берген жокпуз», - деген Лукашенко эки айдан бери тынчыбаган элдин талабына токтолгон жок.


Минскидеги иш-чарага аз сандагы гана киши катышкан жана алардын арасында депутаттар, маалымат каражаттарынын башчылары, илим, маданият жана спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү болгон. Соцтармактарда иш-чарадан кийин аскердик машиненин коштоосунда автобустар Эгемендик ордосунан чыгып кетип жатканы тартылган видеолор жарыяланды.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская талаштуу шайлоодо жеңүүчү деп жарыяланган Лукашенконун ант беришин айыптап, аны «легитимсиз лидер» деп айтып чыкты. Ал социалдык тармак аркылуу видео кайрылуу жасап, анда өзүн «беларус эли шайлаган жападан-жалгыз лидер» деп атап, Лукашенко «пенсияга кеткенин» билдирди.

37 жаштагы Тихановская шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ушул тапта Литвада убактылуу баш калкалап отурган оппозициячыл айым эл аралык коомчулукту 9-августта өткөн шайлоону тааныбоого чакырган. Тихановская инаугурация өткөрүү аракети «мыйзамсыз» болорун буга чейин эле айткан.

Ант берүү аземи тымызын өткөнү белгилүү болгондон кийин бир катар шаарларда беларустар жапырт көчөгө чыкты. Күч кызматтары демонстранттарды суу бүркүп, көздөн жаш агызчу газ чачып таркатты. «Весна» укук коргоо уюму баш калаада жана бир катар шаарларда митингдерде кармалган жүздөгөн адамдардын тизмесин жарыялады.


Британиядан тышкары Евробиримдиктеги тогуз өлкө, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашты.

Буга чейин Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Лукашенконун ант бергени боюнча «беларус жетекчилигинин жеке чечими» деп комментарий берүүдөн баш тартты.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Лукашенкону алтынчы ирет президенттикке келиши менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов биринчилерден болуп куттуктоо жөнөттү.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG