Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Лукашенко «кара тизмеге» кириши мүмкүн


Лукашенконун инаугурациясына каршы митингдерге тартылган сүрөт. 23-сентябрь 2020-жыл
Лукашенконун инаугурациясына каршы митингдерге тартылган сүрөт. 23-сентябрь 2020-жыл

Британия беларус бийлигине санкция салат. 

Британия Александр Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу президенти катары тааныбайт.

Тышкы иштер министри Доминик Рааб АКШ жана Канада менен биргеликте Беларуста тынч митингдердин катышуучуларына зомбулук көрсөтүп, адам укуктарын бузууга жооптуу экени айтылган аткаминерлер үчүн «Магнитский тизмеси» сыяктуу санкциялык документ даярдалып жатканын билдирди.

«Биринчиден, биз бурмаланган шайлоо жыйынтыктарын тааныбайбыз. Экинчиден, беларус элине каршы жасалган бандиттик аракеттерди айыптайбыз. Биз 16 эл аралык өнөктөш мамлекеттер менен бирге Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун алкагында 17-сентябрда демилгеленген беларус бийлигинин шайлоону бурмалаганы, адам укуктарын бузганы боюнча көз карандысыз иликтөөнү баштайбыз», - деп кошумчалады Доминик Рааб.

Доминик Рааб
Доминик Рааб

Мындан тышкары Еврошаркетте Беларустагы демонстранттарга каршы зомбулукка жана президенттик шайлоонун бурмаланышына байланыштуу 40тай беларус расмий өкүлдөрүнө санкция салуу маселеси 24-25-сентябрда саммитте каралат. «Кара тизмеге» президент Александр Лукашенконун өзү да киргизилиши мүмкүн.

Буга чейин Литва, Польша менен Эстония 29 беларус бийлик өкүлүн санкциялык тизмеге алган. Алардын арасында Беларус БШКсынын башчысы Лидия Ермошина да бар.

Ал эми Александр Лукашенко өзү бейшембиде Минскиде Кытайдын элчиси Цуй Цимин менен жолугушууда «инаугурациясы жашыруун болбогонун, салтанат тууралуу башка мамлекеттерге кабарлоону туура көрбөгөнүн» айтты.

«Беларустун мыйзамдарына ылайык, биз Батыш өлкөлөрүнүн эч бирин эскертүүгө милдеттүү эмеспиз. Бул мамлекеттин ички иши. Иш-чара жашыруун өткөрүлдү деп сын айтылып жатат. Президенттин кортежи шаарды кыдырып өттү. Ошондон жашыруун өттү деп айтууга болбойт. Бул менин биринчи инаугурациям эмес, ошондуктан, мен ага кандайдыр бир зор маани берген жокмун. Адаттагыдай эле иш-чара», - деди Лукашенко.

Лукашенко
Лукашенко

Минскиде Лукашенконун инаугурациясын өткөрүүгө даярдык тымызын жүргөн. Мамлекеттик БелТА агенттиги ант берүү аземи аяктаган соң гана маалымат тараткан. Беларус күч кызматтары 26 жылдан бери бийликте турган Лукашенкого ант беришкени кабарланды.

Андан кийин бир катар шаарларда беларустар жапырт көчөгө чыгып, күч кызматтары нааразылыкка чыккандарга суу жана көздөн жаш агызчу газ чачып таркатты. «Весна» укук коргоо уюму башкалаада жана бир катар шаарларда митингдерде кармалган жүздөгөн адамдын тизмесин жарыялады.

Беларустун ИИМи расмий 350дөй адам кармалганын маалымдады. Вице-премьер-министр Игорь Петришенко жалпысынан митингдерде балдардын жана өспүрүмдөрдүн катышуусу боюнча 280 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Британиядан тышкары Евробиримдиктеги тогуз өлкө, Украина, Канада жана АКШ Лукашенконун президенттикке киришүүсүн «мыйзамсыз» деп жарыялашты.

«9-августта шайлоо ачык - айкын жана адилеттүү өткөн эмес. Шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган, андыктан легитимдүү болгон эмес. Кошмо Штаттар Александр Лукашенкону Беларустун мыйзамдуу шайланган президенти катары тааныбайт», - деп билдирди АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү "Эркин Европа Азаттык" радиосуна.

Европа өлкөлөрү Лукашенконун беларус элинен жашырынып өткөргөн инаугурациясын «автократия» катары баалашты.

Буга чейин Европа парламенти Лукашенконун бешинчи президенттик мөөнөтү 5-ноябрда аяктагандан кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбай турганын жарыялаган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «беларус жетекчилигинин жеке чечими» деп комментарий берүүдөн баш тартты.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Лукашенкону алтынчы ирет президенттикке келиши менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов биринчилерден болуп куттуктады.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG