Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Навальный орус тергөөчүлөрүнөн кийим-кечесин сурады


Алексей Навальный жубайы Юлия менен Берлиндеги «Шарите» клиникасында.
Алексей Навальный жубайы Юлия менен Берлиндеги «Шарите» клиникасында.

Германияда дарыланып жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный орус тергөөчүлөрүнөн кийим-кечесин кайтарып берүүнү талап кылды. Мындай билдирүү 21-сентябрда анын расмий сайтына жарыяланды. Анда Навальный өзү ууландырылган күнү кийип жүргөн кийимдерин «башкы далил» деп мүнөздөгөн.

Ошондой эле биринчи жолу өзүн «аскердик уулуу зат менен ууландыруу» аракети болгонун белгилеген. Мындан тышкары тергөөгө чейинки териштирүүгө бөлүнгөн 30 күндүк убакыт аяктаганын эске салган.

«Орусияда бул окуя боюнча кылмыш иши жок. «Ооруканага түшүү фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү» гана бар. Мен комага түшүп калбай эле супермаркетте тайгаланып кеткенимдей же бутумду сындырып алгандай таасир калып жатат», деп жазган Навальный.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-август күнү Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Алгач Омскидеги ооруканага жеткирилип, кийин жакындарынын талабы менен Берлиндеги «Шарите» клиникасына которулган. Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылуучу «Новичок» заты менен ууландырылганын билдиришкен. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп жатат.

Өткөн аптада Навальныйдын Коррупцияга каршы күрөш фонду оппозициячыл саясатчы түнөгөн Томск шаарындагы мейманканадан алынган бөтөлкөдөн «Новичоктун» изи табылганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG