Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Навальный Евробиримдикти орус олигархтарына санкция салууга чакырды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный Евробиримдикти орус президенти Владимир Путинге жакын олигархтарга санкция киргизүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Европарламенттин эл аралык иштер боюнча комитетиндеги онлайн талкуунун жүрүшүндө билдирди. Жыйынга Навальный менен катар орусиялык оппозиционерлер Илья Яшин, Владимир Кара-Мурза, Владимир Милов катышты.

Алексей Навальный Евробиримдикти Орусия менен кызматташтыктын жаңы стратегиясын иштеп чыгууга үндөдү. Ал ошондой эле Европа Биримдигине президент Владимир Путин менен жакын мамиледеги олигархтар Алишер Усмановдун, Роман Абрамовичтин, Аркадий Ротенбергдин үй-бүлөсүнүн байлыгынын булагына кызыгууну жана санкцияларды киргизүүнү сунуш кылды.

«Европа Биримдиги аларды капчыкка урушу керек. Орус олигархтары - мурдагылар эле эмес, Путин мырзанын айланасындагы жаңы байлар да - санкциялардын бутасына алынышы керек», - деди Навальный.

Ал ошондой эле Европа өлкөлөрүн Орусияда 2021-жылы өтчү парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоону сунуш кылды.

Өткөн айда Алексей Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу Европа Биримдиги менен Улуу Британия орусиялык алты аткаминердин эсептерин токтотуп, санкция салган.

44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн начар сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. Навальный 19 күндөн кийин эсине келген.

Германиянын, кийин башка өлкөнүн эксперттери Навальный «Новичок» тобундагы уу менен ууландырылган деген жыйынтыкка келишкен. Европа Биримдигиндеги бир катар өлкөлөр Москваны фактыны иликтөөгө чакырышкан. Биримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ Навальныйга кол салууга тиешеси бар экени айтылган орусиялык бир нече аткаминерге санкция салган.

Алексей Навальный өзү аны Кремлдин көрсөтмөсү менен атайын кызматтар ууландырган деп эсептейт. Орусиянын бийлиги оппозиционердин ууланышына тиешеси жок экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG