Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:41

Навальный Трамптын унчукпаганын айыптады


Алексей Навальный, Берлиндеги соңку сүрөтү.
Алексей Навальный, Берлиндеги соңку сүрөтү.

Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный Орусияга кайтууга даярдык көрүп жатканын, бийликтин опузасынан улам артка чегинбей турганын айтты.

Дем алышта «CBS News» телеканалына чыккан маегинде «Кремль анын кайтышына тоскоолдук кылып» жатканын белгилеп, ага карабай бир нече айда Орусияда саясий ишмердүүлүгүн улантарын билдирди.

«Мен кайтпай койсом, алар үчүн эң сонун жыйынтык болот. Алар менин дагы бир саясий эмигрант болуп калышымды каалашат», - деди ал.

Өткөн жумада Европа Биримдиги менен Британия Навальныйдын ууландырылышына тиешеси бар деп жогорку кызматтагы алты орусиялык аткаминер менен «Новичок» уулуу затын жасайт деген Органикалык химия жана технологиялар боюнча мамлекеттик илимий- изилдөөчү институтун санкциялык тизмеге киргизген.

Тизмеде Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, президенттик администрациянын башчысынын орун басары Сергей Кириенко, президенттик администрациянын ички саясат бөлүмүнүн башчысы Андрей Ярин, коргоо министринин орун басарлары Алексей Криворучко менен Павел Попов, Сибирь аймагындагы президенттин өкүлү Сергей Меняйло бар.

Кремлдегилер бул санкцияларды «достукка туура келбеген кадам» деп баалап, тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва жооп берерин билдирген.

Навальный америкалык телеканалга башка дүйнөлүк лидерлер химиялык куралдын колдонулушуна каршы чыгып, Москвага санкция салган кезде АКШнын президенти Дональд Трамп унчукпай отурганы боюнча да өз оюн айтты.

«Мен аны байкадым. Мен бул өтө маанилүү деп ойлойм. Ар бир адам, өзгөчө АКШнын президенти XXI кылымда химиялык курал колдонулуп жатканына каршы турушу керек», - деди Навальный.

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Навальный «Новичок» заты менен ууландырылганы боюнча далилдерди ала элек экенин айтып, бул маселе боюнча так позициясын билдиргиси келбей жүрөт.

Президенттик шайлоо алдындагы дебаттарда анын атаандашы Жо Байден бул үчүн аны катуу сындап, Трамптын үн катпаганын «кылмышка шериктештик» катары баалаган.

Трамп менен Байден.
Трамп менен Байден.

Алексей Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эстен танган. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.

Немис өкмөтү Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Бул маалыматты Европадагы бир нече көз каранды эмес лаборатория, ошондой эле Химиялык куралга тыюу салуу уюму да ырастаган.

Кремль окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөп келет.

Навальный «Der Spiegel» немис журналына өзүн ууландыруунун артында «Орусиянын президенти Владимир Путин турат» дегени бар.

«Бул кылмыштын артында Путин турган деп бышыктайм, болуп өткөн окуя боюнча менде андан башка версия жок», - деп билдирген ал.

Андан кийин Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Навальныйдын артында АКШнын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат деген маалымат бар», - деп айтып чыккан.

Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин оппозиционерди «Батыштын атайын кызматтары менен кызматташат» деп айыптаган.

Песковдун дооматынан соң Навальный Кремлдин өкүлүн сотко берерин жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG