Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Орусияда оппозиционер саясатчы Навальныйдын тарапкерлеринин акциялары өтүүдө


Владивосток шаары. 2021-жылдын 23-январы.
Владивосток шаары. 2021-жылдын 23-январы.

Бүгүн, 23-январда Орусиянын аймагында суукка жана күч кызматкерлеринин кысымына карабастан миңдеген адамдар көчөгө чыгып, 17-январда камалган оппозициячыл саясатчы, Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышты.

“Новичок” заты менен ууландырылгандан кийин Германияда дарыланган Навальный Москвага 17-январда кайтып келген.

Алгачкы митингдер бүгүн Сибирдеги жана Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск, Владивосток, Новосибирск жана башка шаарларда өттү. Аларга жалпысынан 15 миңдей адам катышканы кабарланды.

Айрым талдоочулар бүгүнкү иш-чаралар 2017-жылдын март айында Орусиянын 99 шаарында өткөн ири акциялардан берки эң ири демонстрациялар болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

Митингдер кармоолор менен коштолууда. Орус полициясынын ишмердүүлүгүнө көз салган «ОВД-Инфо» тобунун Бишкек убактысы боюнча саат 19:00гө карата маалыматына караганда, жалпысынан 863 адам кармалды, Хабаровск шаарында күч кызматкерлери кармалгандарга кол көтөрдү.

Кармалгандар арасында Навальныйдын жубайы Юлия Навальная жана анын жакын санаалашы Любовь Соболь да бар экени кабарланды.

Навальныйдын тарапкерлери Якутск шаарында 50 градус, Екатеринбургда 30 градус суукка карабастан акция өткөрүшкөнү айтылды.

Оппозиционердин бошотулушун талап кылгандардын акциясы азыр Москвада жана Санкт-Петербургда да өтүүдө.

Reuters агенттиги билдиргендей, Москванын ар кайсы жерлеринде топтолгондордун жалпы саны 10 миңге чукулдады. Ал эми Орусиянын Ички иштер министрлиги жалпы өлкө боюнча демонстранттардын саны 4 миңдин тегерегинде экенин билдирди.

44 жаштагы Алексей Навальный - орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин жемкорлук иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. Жакында ал Путинге "мыйзамсыз каражат аркылуу аксарай курулган" деген тасма жарыялаган.

Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген. (RK)

XS
SM
MD
LG