Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Навальныйдын командасы Владимир Путиндики деген мүлк боюнча иликтөө жарыялады


Орус президенти Владимир Путинге таандык деп айтылган Геленжик курорттук шаарындагы хан сарай.
Орус президенти Владимир Путинге таандык деп айтылган Геленжик курорттук шаарындагы хан сарай.

Орусияда камакка алынган оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупция менен күрөш фонду Геленжик курорттук шаарында орус президенти Владимир Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча иликтөө жарыялады.

Бул иликтөө Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан бир күн өткөндөн кийин жарыяланды. Иликтөө Навальный камакка алына электе даярдалган. Эки сааттык тасмада Путиндин Германияда иштеп жүргөнүнөн баштап 1990-жылдардагы ишмердиги камтылган.

«Путиндин хан сарайы» деп аталган Кара деңиздин жээгиндеги имарат 2005-2010-жылдары курулган. Анын президентке арналып курулганын 2010-жылы ишкер Сергей Колесников айтып чыккан. Ал кезде имарат 1 миллиард долларга бааланган.

Коррупцияга каршы күрөш фонду дал ушул хан сарайдын курулушун каржылоо булактарын аныктап чыкканын жарыялады. Ага ылайык, Путин коррупциялык схемалар аркылуу бул иштерди каржылаганы жөнүндө сөз болот.

Азырынча бул иликтөө боюнча Кремль эч кандай комментарий бере элек.

44 жаштагы Алексей Навальный - орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин коррупциялык иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, президент Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. 2020-жылдын августундагы өзүн ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын ачыкка чыгарган болчу.

XS
SM
MD
LG