Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:19

Орусияда митингдерде миңдеген адамдар кармалды


Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотуу талабы менен өткөн акцияларда миңдеген адамдар кармалды.

23-январда Москвадан тартып Владивостокко чейин өткөн нааразылык акциялары Орусиядагы акыркы жылдардагы бийликке каршы эң ири демонстрация болуп калды. Кыштын кыраан чилдесинде, бийликтин катуу көзөмөлүнө карабай Орусиянын ондогон шаарларында он миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

Алгачкы нааразылык акциялары Ыраакы Чыгышта жана Сибирдин шаарларында башталып, кийин борбор калаа Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург шаарларында уланып, демонстранттар “Навальныйга боштондук!”, “Путин – ууру!” деп ураан чакырып жатышты.

Ар башка шаарлардын нааразылык акцияларынын өзгөчөлүктөрү байкалды. Маселен, Якутск шаарында митинг 50 градус суукта өттү. Чита шаарында полиция митингчилерди таратпай койгондугу үчүн демонстранттардын алкоосуна татыды.

Краснодардагы акциядан бир көрүнүш
Краснодардагы акциядан бир көрүнүш

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылган акциянын катышуучуларынын саны боюнча ар кандай маалымат айтылды. Бозгундагы бизнесмен Михаил Ходорковский негиздеген "МБХ-Медиа" порталы акцияларга кеминде 110 миңдей адам катышканын, андан да көп болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Москванын бийлиги Пушкин аянтына чогулган адамдардын саны төрт миңдин тегерегинде деп берсе, акцияга көз салган "Reuters" агенттиги жана башка уюмдар бул күнү баш калаада эле 40 миңдей адам көчөгө чыкканын жарыялады.

Акцияда 4 миңге жакын адам кармалды

Полиция бардык жерде демонстрантты күч менен кармап, ур-токмокко алган окуялар катталды. Айрыкча Москва, Санкт-Петербург шаарларында коопсуздук күчтөрү акцияга чыккандарды аёосуз сабап, зомбулукту чагылдырган көптөгөн видеолор тарады. Алардын арасында Санкт-Петербургда полиция ырайымсыздык менен ичке тепкен аял оор абалда реанимацияга түшкөн белгилүү болду.

Көз карандысыз “ОВД-Инфо” мониторинг тобунун маалыматы боюнча, өлкө боюнча акциялар учурунда 3400дөй адам кармалды. Алардын жарымынан көбү Москвада полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Алексей Навальныйдын жубайы Юлия, жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Любовь Соболь да кармалып, кийинчерээк бошотулду.

Любовь Соболду кармоо учуру
Любовь Соболду кармоо учуру

Cоболь полиция кармап кетер алдында журналисттерге сүйлөп жатып, мыйзамсыз иштерди адатка айландырган Кремль өзү он миңдеген адамдарды көчөгө чыгууга түртүп жатканын билдирген:

“Адамдар көчөгө кыларга иши жок болгону үчүн эмес, сот баш болгон мамлекеттик органдарда өз укугун коргоого мүмкүн болбой калганы үчүн чыгып жатышат. Алар айласы куруган үчүн акцияга чыгышты. Эгер Кремль акцияларды көргүсү келбесе, мындай мыйзамсыздыкка жол бербеши керек эле”.

Акциялардын жүрүшүндө полиция кызматкерлери окуяны чагылдырып жүргөн журналисттерге да кол көтөрүп, бир нече кабарчы сабалды.

ЕБ жана АКШ Орусиянын аракетин сынга алды

Европа Биримдиги менен Кошмо Штаттар орусиялыктардын тынч жыйын куруу укугу чектелгендиги үчүн Кремлди сынга алышты.

АКШ Орусиянын демонстрациялар уюштурулган бардык шаарларындагы митингчилер менен журналисттерге карата жасалган катаал ыкмаларды кескин айыптады. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс оппозиционер Алексей Навальныйдын камалышы, анын тарапкерлеринин куугунтукталышы “мындан аркы негизги эркиндиктерди жана жарандык коомду чектөө жаатындагы чочулатчу белгилер” экенин билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррелл Орусия бийлигинин ишембидеги тынч нааразылык жыйындарга карата катаал мамилесине тынчсыздануусун жарыялады.

Жозеп Боррел
Жозеп Боррел

Боррелл “Твиттердеги” барагында Орусиядагы окуяларга кылдат көз чаптырып жатканын айтып: “Камакка алуу, ашыкча күч колдонулгандыгы, интернет жана телефон байланышы үзүлгөндүгү үчүн өкүнүч билдирем. Эми дүйшөмбү күнү биз Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери менен кийинки кадамдарды талкууламакчыбыз”, – деди.

Батыш өлкөлөрүнүн мындай билдирүүлөрүн Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сынга алып, чет мамлекеттерди нааразылык акцияларын өткөрүүгө шарттап жатат деп баалады.

Акциянын катышуучуларына кылмыш иши козголду

Тергөө комитети болсо Москвада 23-январдагы акциялар боюнча бир нече кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, иштер бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга, ээнбаштыкка, мүлктү атайылап талкалоого байланыштуу беренелердин негизинде тергеле баштады.

Орус Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк акцияга катышкандарга укуктук баа берилерин билдирди:

“Коомдук тартипти камсыз кылып жүргөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата чагымчыл мүнөздөгү же баш ийбеген ар бир факт өз алдынча иликтенип, укуктук баа берилет”.

Бийликтин мындай коркутууларына карабай Алексей Навальный тарапкерлери бул сыяктуу акциялар кийинки апталарда уланарын кабарлашты.

Бул күнү Орусиядан сырткары АКШ, Европанын бир нече өлкөлөрүндө Алексей Навальныйдын тарапкерлерине тилектештик акциялары өттү. Бишкекте болсо Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында бир адам пикет уюштурду.

Ишембидеги нааразылык чаралары 2017-жылдан кийинки учурдагы эң ири демонстрация болуп калды. Ал ызгаар суукка, коронавирустун жайылышынын коркунучуна жана экономикалык кыйынчылыктарга карабастан, Орусиянын коомчулугу убактылуу абакта жаткан оппозициячыл лидер Навальныйды колдогондугун тастыктаган ири сынакка айланды. Орусиялык саясат талдоочу Дмитрий Орешкин бул жолку акциялардын өзгөчөлүгүн төмөнкүчө мүнөздөдү:

Дмитрий Орешкин
Дмитрий Орешкин

“Интернетте жашаган адамдардын жаңы мууну пайда болду. Алар буга чейин "TikTokто" өз иши менен алек болчу. Чын-чынына келгенде иликтөөдө сөз болгон хансарай жөнүндө кеминде беш жыл мурун эле сөз чыккан. Саясатка кызыккандар болсо аны Сергей Колесниковдун оозунан 2010-жылы угушкан. Ал учурда мунун жаштарга тиешеси жоктой сезилчү. Азыр болсо Навальныйдын арты менен ушул маалымат социалдык тармактарга тарап, абдан көрүлдү. Ал эми коркууну билбеген жаш муундун кыжырын кайнатты”.

Чынында эле бул жолку акцияларды оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышы жана ушул апта башында жарыяланган президент Владимир Путинге таандык делген Кара деңиздин боюндагы хан сарай жөнүндө иликтөө шарттады. Анда Навальный жана анын үзөңгүлөштөрү Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык делген “хан сарай” тууралуу даректүү иликтөөсүн кыска эле убакытта кеминде 78 миллиондой көрүүчү бул “бомба тасманы” көргөндүгү айтылууда.

Алексей Навальный деген ким?

44 жаштагы Алексей Навальный - орус бийлигин аёосуз сындап келаткандардын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин коррупциялык иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, президент Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келет. Бул үчүн өзү негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун алкагында ар кыл иликтөөлөрдү ишке ашырып, команда түзгөн.

Навальныйды полиция тергөө абагына алып бара жатат
Навальныйды полиция тергөө абагына алып бара жатат

Алексей Навальный Москванын мэрлигине талапкер катары катышууга бийлик жол бербеген соң үзөңгүлөштөрү менен "Акылдуу добуш берүү" деген долбоорду ишке ашыра баштаган. Анын алкагында оппозициячыл партиялар бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясынын талапкерине каршы ынтымак менен туруп, бирдиктүү талапкерди колдоого алып келет.

2019-жылы “Акылдуу добуш берүү” долбоорунун таасири менен оппозициячыл талапкерлер Москва шаардык кеңешиндеги 45 орундун 20сына шайланууга жетишкен.

2010-жылдардан тартып оппозициячыл ишмердиги активдешкен Навальныйга финансылык мыйзамдарды бузган деп "Кировлес" жана "Ив Роше" деген компаниялардын иши боюнча эки ирет кылмыш иши ачылып, шарттуу кесилген. Оппозициячыл саясатчы бул айыптардын баары "ойдон чыгарылганын" айтып, саясий куугунтук катары атап келет.

Былтыр августта Орусияда ууландырылып, оор абалда жаткан Навальный Германияга дарылануу үчүн жеткирилген. Европадагы лабораториялар анын "Новичок" аттуу уулуу зат менен ууландырылганын аныкташкан. Кийин ден соолугу калыбына келгенде Алексей Навальный жана бир нече журналисттер ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын ачыкка чыгарган болчу.

Навальный Москвага 7-январда Берлинден учуп келери менен аэропорттон кармалган. Жаза аткаруу кызматы "Ив Роше" деп аталган иш боюнча шарттуу жаза мөөнөтүнүн эрежесин бузганы үчүн абакка камоону суранган.

Бул иштин алкагында 18-январда Москванын Химки сотунун чечими менен 30 күнгө тергөө абагында камалды. Ал учурда Москвадагы "Мастросская тишина" деген тергөө абагында кармалып турат. Ал тарапкерлерине бийликке каршы күрөштү токтотпоого чакырып, акцияларга чыгууга үндөп келет.

Узап бара жаткан аптада Навальныйдын эң жакын саналган бир нече үзөңгүлөшү да мыйзам бузду деп бир нече күнгө камакка алынды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG