Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Жакында дайындалган "ЭЕ/АҮ" ж.б. АКШ каржылаган медиа компанияларынын жетекчилери кызматтан алынды


АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин баш кеңсеси. Вашингтон. 15.9.2008.
АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин баш кеңсеси. Вашингтон. 15.9.2008.

АКШнын эл аралык телерадиоберүүсүн көзөмөлдөө милдетин алган АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао (Kelu Chao) жакында дайындалган Эркин Европа / Азаттык үналгысынын президенти Тед Липиенди жана АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган дагы эки эл аралык телерадиокомпаниянын (“Эркин Азия” радиосу менен Жакынкы Чыгыш үчүн берүүлөр тармагынын) директорлорун 22-январда кечке жуук кызматтан бошотту. USAGM мекемесинин мурдагы башчысы аларды бул кызматка бир ай мурун гана дайындаган.

Тед Липиен.
Тед Липиен.


АКШнын президенттигине келгенден кийин (20-январда) Жо Байден эки сааттын ичинде USAGMдин Доналд Трамп тарабынан дайындалган башчысы Майкл Пакты кызматтан кетирип, анын ордуна дээрлик отуз жыл бою “Америка үнү” радиосунда иштеген тажрыйбалуу журналист Келу Чаону дайындаган.

Келу Чао Тайванда төрөлгөн. Ал “Америка үнү” радиосунда 40 жылдан ашуун убакыт бою кабарчы, редактор, жетекчи болуп ар кыл кызматтарда иштеген. 1989-жылы Бээжиндеги борбордук “Тянаньмэн” аянтындагы кандуу окуяларды жеринен чагылдырган. Ал журналисттик ишмердиги үчүн 30дан ашуун ар кыл сыйлыктарга арзыган.

АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао.
АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао.

Чао АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин башчылыгына дайындалган алгачкы айым болуп калды.

Майкл Пактын АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин башчылыгына дайындалышын былтыр июнда өлкөнүн мыйзам чыгаруучулары тастыкташкан. Ошондон бери демократтар гана эмес, республикачылар да анын жүргүзгөн саясатын жана кызматка дайындоолорун сынга алып келишкен. Андан тышкары Пакты өз кол алдындагы медиа каражаттарынын редакциялык мазмунуна кийлигишүүгө далалат жасады деп да айыпташкан.

21-январда Келу Чао “Америка үнү” компаниясынын башчысы менен орун басарын кызматтан алган. Ал эми Кубага берүүлөр уюштурган кеңсенин башчысы ошол күнү өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин эн белгиси. 22.8.2018.
АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин эн белгиси. 22.8.2018.

“Америка үнү” медиа компаниясы менен Кубага берүүлөр уюштурган кеңсе АКШ өкмөтүнө таандык болуп саналат.

Ал эми “Эркин Европа / Азаттык үналгысы”, “Эркин Азия” радиосу жана Жакынкы Чыгыш берүүлөр тармагы – киреше көздөбөгөн жеке менчик медиа каражаттары болуп саналышат жана алар америкалыктардын салыктарынын негизинде АКШ Конгресси тарабынан каржыланып иш алып барышат.

Дейзи Синделар. 2017-жыл.
Дейзи Синделар. 2017-жыл.

Чао айым кол койгон жаңы буйрукка ылайык, 24-январдан тартып “Эркин Европа / Азаттык үналгысынын" президентинин милдетин аткаруучу болуп узак жылдар бою "ЭЕАҮ" компаниясында кызматкер, редактор жана аткаруучу жетекчи кызматтарын аткарып келген Дейзи Синделар (Daisy Sindelar) айым дайындалды.

Чаонун соңку буйругуна ылайык, 24-январдан тартып Бей Фэңг (Bay Fang) айым “Эркин Азия” радиосунун президенти кызматына кайтып келди. Ал эми Келли Салливан (Kelley Sullivan) Жакынкы Чыгыш берүүлөр тармагынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

“Эркин Европа / Азаттык үналгысы” азыркы тапта Евразиядагы жергиликтүү өкмөттөр басма сөз эркиндигин чектеген 23 мамлекетте 27 тилде берүүлөрдү обого чыгарат жана интернет барактары аркылуу маалымат жайылтат. Анын баш кеңсеси Чехиянын борбору Прага шаарында жайгашкан.

XS
SM
MD
LG