Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:58

Жол чарба кызматынын директору мыйзамсыз байыды деп айыпталууда


Айыпталуучунун мүлк объектилеринин бири. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Транспорт жана жол чарба министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин директору мыйзамсыз байыганына байланыштуу фактыларды аныктаганын билдирди.

«И.Ш.М. аттуу кызматкер мамлекеттик жогорку кызматта турганда кымбат баалуу турак жай, автоунаа, бодо мал сатып алып, кирешесин жашырган. Кыргызстандын Жазык кодексинин 323-беренесине ылайык ага карата сотко чейинки териштирүү башталды» деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына караганда Жол чарба департаментинин директору үч хансарайды, бир нече кымбат автомашинаны, Бишкектин борбордук бөлүгүндө 20 батирди өз атына эмес, туугандары менен жакындарына каттатып койгон.

Ошондой эле ал жакындары менен чет өлкөгө эс алууга барып турганы билинди. Азыркы тапта бул министрликтеги башка кызматкерлердин да каржылык абалы текшерилүүдө.

УКМК директордун аты-жөнүн толук атаган эмес. Бирок расмий булактарда бул кызматта 56 жаштагы Шабданбек Иманкулов турганы белгилүү.

Жол чарба департаменти УКМКнын бул маалыматы боюнча комментарий бере элек. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (11)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG