Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:13

«Эти Бакыр Терек-Сай» сууга цианид төгүлгөнү тууралуу маалыматты четке какты


«Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасы. Чаткал району.
«Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасы. Чаткал району.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасы «сууга цианид төгүлгөн жана уулуу калдыктар сакталган жайлар ачылып кеткен» деген маалыматтарды төгүндөдү.

Ишкананын 24-январдагы билдирүүсүндө алтын иштетүү жараянында цианид колдонулбай турганы айтылган.

23-январда алтын кенин иштеткен фабрикага караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип сайга кошулган.

Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөнкү жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей туруу зарыл экенин эскерткен. Интернетте жергиликтүү айрым жашоочулар сууга цианид төгүлүп, уулуу калдыктар сактаган жайлар ачылып кетиши ыктымал деп кабатыр болуп жатканын билдиришкен.

«Кыргызалтын» ишканасы кырдаал жөнгө салынганын, анын кесепети ыкчам жоюлганын, жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жок экенин кабарлаган.

Биргелешкен ишкананын капиталынын 75% Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясына, 25% «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна таандык.

Өкмөттүн маалыматына караганда, «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасында 646 адам иштейт. Алардын 90% - жергиликтүү тургундар.

XS
SM
MD
LG