Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:22

Коронавирустан жакынын жоготкондордун митинги


Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы пикет. 25-январь, 2021-жыл.
Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы пикет. 25-январь, 2021-жыл.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдына бүгүн, 25-январда коронавирустан жакындары каза болгондор пикетке чыгышты. Алар башкы пульмонолог Талантбек Сооронбаев менен министрдин орун басары Мадамин Каратевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Пикетти уюштуруучулардын бири, «Биз чындык үчүн» кыймылынын мүчөсү Ырыскан Зулпукарова медицина тармагында люстрация болушун талап кылып жатышканын «Азаттыкка» айтты:

«Биз медицинада өз элин сүйгөн жетекчилер иштешин каалайбыз. Коронавирусту дарылоо боюнча үчүнчү протоколду катып алган жетекчилер, алардын ичинде Каратаев да бар, көптөрүнүн атын бизге айтпай жатышат, аларды медицинанын "кара тизмесине" киргизүүнү талап кылабыз. Биз люстрацияны талап кылабыз, мындай адамдар жетектөөчү кызматка кайра келбесин деп чыктык».

Коронавирус учурундагы мыйзам бузуу боюнча 14 кылмыш иши козголгон. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда камакка алынып, январда үй камагына чыкты.


Коронавирусту иликтеген мекеме аралык комиссия керектүү дары-дармектердин баасы көтөрүлүп, өлүм-житимдин саны жашырылганы, туура эмес дарылоо фактылары болгонун 22-январда жарыялады.

Ошондой эле бул комиссия июнь, июль учурунда дарылоонун үчүнчү протоколу жашырылган деп билдирген.

Өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев коронавирустун кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгына макул эмес. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» айтты.

«COVID-19 күчөп турган учурдагы абалды иликтөөгө мен да кызыкчылыгым бар. Бирок анын курамына кирген адамдардын кесипкөйлүгүндө күмөнүм бар. Себеби алардын бирөө да коронавирус күчөп турганда "кызыл зонага" кирип иштеген эмес. Менин сөзүмдү Кыргызстандагы миңдеген дарыгерлер тастыктайт. Азыр эми күнөөнү дарыгерлерден издөө туура эмес. Ушул комиссиянын курамына кирип, изилдөөсүнө катышалы деп бир нече ирет вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиевага кайрылдым. Бирок ал менин кайрылуумду кабыл алган жок», - деди Сооронбаев.


Буга чейин коронавирус пандемиясынын кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссия үчүнчү протокол бир айдан ашык кечигип чыкканын, анын айынан керектүү дары-дармек Кыргызстанга өз убагында келбей калганын билдирген.

Ал протоколдо вируска каршы дары-дармектердин саны кыскартылып, канды суюлта турган дарылар киргизилген.

XS
SM
MD
LG