Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча иликтөөгө ал өзү жооп кайтарды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Коррупцияга каршы күрөш фонду жарыялаган иликтөөдө айтылган Геленжектеги «хан сарай» ага таандык эмес экенин билдирди. Бул тууралуу Путин 25-январда студенттер менен онлайн жолугушуунун жүрүшүндө жарыялады. Анда орус президенти Кара деңиздин жээгиндеги объект ага жана анын жакындарына эч тиешеси жок экенин айтты.

Ал эми иликтөөнү болсо «компиляция» (аниме-фильм) деп атады.

Өткөндө оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фонду президент Владимир Путинге таандык деген имараттар жөнүндө иликтөө жарыялаган. Анда Краснодар аймагындагы Геленжикке жакын жердеги Путинге таандык деген «хан сарай» тууралуу сөз болот. Бул фильмди бир апта аралыгында «YouTube» порталында 85 миллиондон ашык адам көрдү.

Бул иликтөө Алексей Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан кийин жарыяланган.

23-январда Орусиянын бир катар шаарларында Навальныйды камактан чыгарууну талап кылып бийликке каршы акциялар өттү.

XS
SM
MD
LG