Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:21

Тимур Файзиев «Элит Хаус» боюнча билдирүү таратты


УКМК маалымат билдирүүгө тиркеген «Элит Хаус» компаниясынын курулуш объектиси.
УКМК маалымат билдирүүгө тиркеген «Элит Хаус» компаниясынын курулуш объектиси.

«Элит Хаус» компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев УКМКнын 25-январдагы билдирүүсү боюнча маалымат берди.

Ал өзүнүн «Инстаграм» баракчасында кайрылуу таратып, азыркы тапта чет өлкөдө экенин, Бишкектеги абалдан чукул кабардар болуп, менежерлери менен иштешип жатканын жазды:

«Окуянын чоо-жайы тууралуу мен кийин да түз эфирден маалымат берип турам. Жалпысынан абал жакшы. Биздин үлүшчүлөргө кабатыр болбогула деп айта алам. Бардык кыйынчылыктарды чечсе болот. Биздин компания сегиз жылдан бери иштеп келе жатат. Миңдей үлүшчүбүз бар. Жети жылдан ашуун убакыт ичинде өлкө казынасына 500 миллион сомдон ашуун салык төктүк, миңдеген адамдарды иш орундары менен камсыз кылуудабыз».

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы Бишкек шаарындагы архитектуралык курулуш көзөмөл тармагында шаар курууга шайкештиги жана уруксат берчү документтери жок көп кабаттуу үйлөрдү системалуу куруу фактысын аныктаганын 25-январда маалымдаган.

Коррупцияга каршы күрөш кызматы тараптарга инженердик тармактарды, курулуш-монтаждоо иштерин эрежеден тышкары мыйзамсыз жүргүзгөн, бул үйгө жайгашчу тургундардын өмүрүн тобокелге салган деген кине койгон.

Бул иш боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканы белгиленген.

Ошол эле учурда УКМК кине коюп жаткан мамлекеттик органдын, андагы жооптуу кызматкерлердин жана ири курулуш компаниянын атын ачыкка чыгарган эмес. Адистер Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү курган кеминде беш-алты ири компания бар экенин айтып келет.

Аталган мекеме тараткан маалыматка «Элит Хаус» курулуш компаниясына таандык турак жай курулуштарынын сүрөттөрү кошо тиркелген.

«Азаттык» аталган компаниядан комментарий сурап кайрылып, жооп ала алган эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG