Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

АКШ Сенатына мурдагы президент Трампка импичмент жарыялоо беренеси тапшырылды


Капитолийдеги кагылышуу маалы. 2021-жылдын 6-январы.
Капитолийдеги кагылышуу маалы. 2021-жылдын 6-январы.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасы Сенатка мурдагы президент Дональд Трампка каршы айыптоо камтылган беренени 25-январда расмий тапшырды. Бул беренеде Трамп өзүнүн тарапташтарын 6-январда Капитолийге чабуул коюуга шыкактады деп айыпталууда.

Дал ошол каргашалуу 6-январда АКШ Конгрессинин имараты болгон Капитолийдеги Сенат отуруму өтчү жыйын залына тополоңчулар кандай жол менен кирсе, дал ошол жол менен Өкүлдөр Палатасынын кызматкеринин жана төмөнкү палатанын иш башчысынын милдетин аткаруучусунун артынан тогуз демократ конгрессмен ээрчип барып, Сенатка мурдагы президент Трампка импичмент жарыялоо беренесин тапшырды. Бул конгрессмендер эми Сенаттагы 9-февралда башталаары күтүлгөн импичмент боюнча сотто айыптоочу катары сүйлөшөт.

100 сенатор соттук талкууда калыс сот мүчөлөрү катары иш алып барышат. Эгерде Трамп күнөөлүү деп табылса, анда ал келечекте кайрадан президенттик кызматка шайлануу укугунан ажырайт.

Өкүлдөр Палатасында 13-январда өткөн жүрүмдө демократтардын Трампка импичмент жарыялоо тууралуу сунушун республикачылардын 10 конгрессмени колдоп чыкты. Эми Сенаттагы 50 демократка кеминде дагы 17 республикачы сенатордун колдоосу керек болот.

Бирок республикачылар партиясындагы сенаторлордун ичинен дал ушунча сандагы өкүлдү табуу демократтарга кыйынга турушу ыктымал.
Эгерде импичмент кызматтагы президентке каршы эмес, мурдагы президентке каршы жүрө турган болсо, анда сот отурумун АКШнын Жогорку сотунун төрагасы эмес, сенатор эле жетектеши мүмкүн. Демократ сенатор Патрик Лихи импичмент сотуна өзү төрагалык кылаарын билдирди.

АКШнын Жогорку сотунун төрагасы Жон Робертс 2020-жылы февралда президент Трампка каршы алгачкы импичмент сотунда отурумга жетекчилик кылган. Анда Трамп ал кездеги сенатор Жо Байден менен анын уулуна каршы тергөө иштерин жүргүзүүгө Украинанын бийлигине сунуш киргизген маселени иликтөөдө Конгресске тоскоолдук уюштурган деген доо боюнча акталган болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG