Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Орусия Байден сунуш кылган СТАРТ макулдашуусу боюнча жооп кайтарды


Жо Байден АКШнын вице-премьер-министри болуп турганда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу. 2011-жыл, март.
Жо Байден АКШнын вице-премьер-министри болуп турганда Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу. 2011-жыл, март.

Орусия АКШнын президенти Жо Байдендин стратегиялык чабуул коюучу курал-жарактар жөнүндө келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча демилгесин колдойт, бирок Америка тараптан конкреттүү сунуштарды күтөт.

Ак үй 21-январда Байден кийинки айдын башында мөөнөтү бүтчү келишимди дагы беш жылга узартууну көздөй турганын билдирген.

Бул эки күн мурда кызматка киришкен Байдендин администрациясынын тышкы саясаттагы алгачкы чечимдеринин бири болуп калат.

Бул билдирүүгө жооп катары орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Кошмо Штаттардын сунушун карап көрүш керек» деп билдирген.

«Биз бул документтин мөөнөтүн узартуу боюнча саясий эрк болгонун кубаттайбыз, баары бул сунуштун деталдарынан көз каранды», - деп билдирген Песков.

АКШ менен Орусиянын ортосундагы буга чейинки СТАРТ макулдашуусу 2010-жылы түзүлүп, бир жылдан кийин күчүнө кирген. Ага ылайык, тараптар ракеталык дүрмөттөрдү азайтып, ошол бойдон көбөйтпөй кармап турууга тийиш болчу.

Мурдагы президент Дональд Трамп башка курал-жаракты кошуу менен келишимди узартуу боюнча сүйлөшүүгө аракет кылып, ал аягына чыкпай калган.

XS
SM
MD
LG