Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

ЮНИСЕФ: «Pfizer-BioNTech» вакцинасын сактоочу шайман сатып берүү планы жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм 22-январда билдирүү таркатып, алардын уюму коронавируска каршы эмдөө жаатында COVAX тутумунун алкагында колдоо көрсөтөрүн айтты. Бул үчүн 2019-2020-жылдары өлкөдөгү вакциналарды сактоого 973 муздаткыч алынганын маалымдап, «Pfizer/BioNTech» вакцинасы үчүн зарыл болгон ашыкча муздатуучу жабдууларды алууга азырынча шарт жок экенин белгиледи.

Анын алдында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги брифингде вакцинаны сактоочу муздаткыч менен камсыздоо жагынан ЮНИСЕФ жардам берерин билдирген эле.

21-январда Жогорку Кеңеште өкмөт өкүлдөрү катышкан жыйында коронавируска байланыштуу жагдай талкууланган. Ал күнү министр Алымкадыр Бейшеналиев АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берерин билдирген. Кийин вице-премьер Элвира Сурабалдиева министр адашып алганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы пресс-релиз таратып, АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинен кечирим сурады.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Кыргыз өкмөтү вакциналарга байланыштуу маселе чечилишине жараша эмдөөну 1-июндан баштоону пландаштырууда. (SE)

XS
SM
MD
LG