Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

«Pfizer» вакцинасын сакташ үчүн USAID Кыргызстанга муздаткыч алып берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) «Pfizer/BioNTech» вакцинасын сакташ үчүн Кыргызстанга муздаткыч алып берет. Бул тууралуу 21-январда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айтты.

«Биринчи бизге 15 миң доза берилери айтылган. Азыркы кездеги сүйлөшүлөр боюнча 1 миллион 200 миң дозаны 1-июнга чейин берет. Ага чейин USAID муздаткычтарды алып берет», - деди министр.

Министрдин маалыматына USAID уюмунун Бишкектеги кеңсеси комментарий бере элек.

Глобалдык COVAX альянсынын алкагында коронавируска каршы күрөш үчүн «Pfizer/BioNTech» вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Министрдин айтымында, -18 градуска чейинки температурада сакталчу Орусиянын "Спутник-V" вакцинасын алууга да Москвага кат жиберилди. Кремль уруксат берер замат Орусиядан эмдөөчү дарылар келиши мүмкүн.

Бейшеналиев Орусиянын вакцинасы сатып алынарын, Финансы министрлиги акча бөлүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

21-январдагы расмий эсеп боюнча Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жуккандардын саны 83585 кишиге жетти. Алардын 79 509у сакайып, 1394ү каза тапты. Күнүгө 150-160 адамдан коронавирус табылууда.

Америкалык-германиялык «Pfizer/Biotech» вакцинасын коронавируска каршы эмдөө үчүн колдонууга Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму алгачкылардан болуп уруксат берген. (SE)

XS
SM
MD
LG