Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

БШКнын эки мүчөсү шайлоонун легитимдүүлүгүнөн шек санады


Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү Гүлнара Журабаева жана Адилет Сатыгулов 10-январда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий бекитүүдө өзгөчө пикирин билдиришти.

Журабаева өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасында президенттик шайлоонун жыйынтыгынын легитимдүүлүгү боюнча шек жараткан жагдайларды түшүндүрүп жазды.

Анда Садыр Жапаровдун талапкер болуп катталышында жана шайлоо корундагы каражаттардын ачыктыгында мыйзам бузулганы айтылат.

БШК 20-январда добуш берүүнүн расмий жыйынтыгын чыгарып, «Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө» протоколду бекитти.

Расмий жыйынтыкка ылайык, Кыргызстандын президенти болуп Садыр Жапаров шайланды. Жапаров 1 млн. 105 миң 248 (79,20%) шайлоочунун добушун алып жеңишке жетти.

Жалпы добуш берүү үчүн 3 млн. 563 миң 574 жаран катталган. 10-январдагы шайлоого 1 млн. 395 миң 513 шайлоочу катышты. Бул шайлоочулардын 39,16% түзөт.

Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда болорун президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек «Азаттыкка» билдирди.

Былтыр октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашканда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындалып, аны менен кошо Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум 10-январда өттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG