Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:39

Статистика: үй тиричилигинде аялдар эркектерге караганда көп убакыт коротушат


Камыр жайып жаткан аял. Иллюстрация.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аялдар бир суткалык убактысынын төрт саат 30 мүнөткө жакынын (19%) үй тиричилигине арнашат. Ал эми эркектер бир сааттан ашык (6,5%) убактысын коротушат. Ошондой эле аялдар балдарына жумасына эки саат, эркектер бир саат убакыт бөлөт.

Кыргызстанда 2019-жылы эркектердин орточо эмгек акысы 18 724 сомду, ал эми аялдардыкы 14 421 сомду түздү. Эркектердин жумушка орношуу (72%) деңгээли аялдардыкына (43%) караганда жогору. Аялдар өлкөдө негизинен кызмат көрсөтүү, тейлөө, саламаттык сактоо, билим берүү тармагында иштешет. Эркектер курулуш, тоо-кен, жүк ташуу, электр энергиясы тармагында эмгектенет. (TSh)

XS
SM
MD
LG