Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Cурабалдиева: пандемия күчөгөн кезде дарылоо протоколун жашырган аткаминерлер болгон (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2020-жылы жайында коронавирус пандемиясы Кыргызстанда күчөп турган убакта дарылоого керектүү антикоагулянттардын тизмеси камтылган протоколду кайсы бир аткаминер бир айдан ашык иш бөлмөсүндө жашырган. Бул тууралуу пандемиянын кесепети боюнча комиссиянын иликтөөсүндө белгилүү болгон. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева «Азаттыктагы» маегинде коронавирусту дарылоо боюнча №3 протокол былтыр май айында иштелип чыкса, июнь айынын ортосуна чейин дарыгерлерге берилбегенин билдирди:

«Коронавирус менен күрөшүү үчүн түзөтүлүп, иштелип чыккан №3 протокол былтыр 15-майда чыккан экен. Анда вирусту дарылоодо антибиотиктердин көлөмү азайтылып, гепарин, клексан сыяктуу антикоагулянттардын тизмеси бекитилген. Бирок дал ушул тизме белгисиз себептер менен 15-майдан 18-июлга чейин бир аткаминердин иш бөлмөсүндө бекилип, дарыгерлерге жетпей жаткан экен. Ал эми бул тизме 1-июлда гана фармацевтикалык компанияларга берилип, коронавирус үчүн эң керектүү дарыларды июлдун ортосунда гана алып келүүгө мүмкүн болгон».

Вице-премьер-министр сөз болуп жаткан жетекчинин аты-жөнүн тактаган жок. Ал боюнча маалымат укук коргоо органдарына берилерин жана укуктук баа берилерин кошумчалады.

Буга чейин коронавирус пандемиясы Кыргызстанда күчөп турган кездеги жоготууларды жана сырттан келген гумжардамдын бөлүштүрүлүшүн иликтеген мекеме аралык комиссия иш жүргүзгөн. Мындан сырткары бул ишти Финансы полициясы да иликтеп, мурдагы өкмөт жетекчилерин суракка чакырган болчу.

XS
SM
MD
LG