Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

УКМК «Нават» ресторанынын энчилеши кармалганы тууралуу маалыматка комментарий берди


Бишкектеги «Нават» ресторандарынын бири.
Бишкектеги «Нават» ресторандарынын бири.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкектеги «Нават» ресторандар түйүнүнүн энчилеши Сергей Острецовдун камакка алынганы тууралуу маалыматтарга комментарий берди.

Атайын кызматтын 20-январдагы маалыматында «Острецов басым көрсөтүү жана ал ээлик кылган компаниялардагы үлүштөрдү тартып алуу максатында кармалды» деген кабарлар жалган экени айтылат.

Ошол эле учурда УКМК 2009-жылдан бери күрөөканага жамынып мыйзамсыз банк ишмердигин жүргүзүү жана чоң өлчөмдө салыкты төлөөдөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында иликтөө жүрүп жатканын ырастаган.

УКМК күрөөканалар аркылуу кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди мыйзамдаштырууга адамдар тобунун катышы бар-жогу да текшерилип жатканын кабарлады. Мекеме тергөөгө байланыштуу маалымат ачык айтылбай турганын кошумчалаган.

20-январда жергиликтүү маалымат каражаттары Сергей Острецов бир ай мурда кармалганын жана ага туура эмес айып коюу аракети көрүлүп жатканын жазып чыгышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG