Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Камактагы судья Камил Осмоналиев кызматтан четтетилди


Жогорку соттун судьясы, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган Камил Осмоналиев кызматынан убактылуу четтетилди.

Мындай чечим парламенттин 20-январдагы сессиясында кабыл алынды.

19-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети Осмоналиевди кызматтан алуу боюнча чечимге келген.

20-январдагы сессияда президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов Камил Осмоналиевди кызматынан бошотуу жана кылмыш жообуна тартуу тууралуу Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечимине таянуу менен мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытов аны иштен четтетүүнү сунуш кылганын айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) судьяны мыйзамсыз баюу боюнча айыптын негизинде былтыр 14-декабрда кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Камил Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алып, башка кишилерге каттатканы айтылган.

Судья өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турганын жарыялаган.

Жогорку сот жана Осмоналиевдин жакындары УКМКнын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG