Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Улуттук статистика комитети: Кыргызстанда эркектер аялдардан көп айлык алышат


Жалал-Абаддагы талаада тартылган сүрөт.
Жалал-Абаддагы талаада тартылган сүрөт.

Кыргызстанда эркектердин жумушка орношуусу 72%, аялдардын жумушка орношуусу 43% түзөт. Мындай тыянакты Улуттук статистика комитети 2019-жыл боюнча иликтөөсүндө чыгарган. Бул тууралуу маалыматты комитет 20-январда таратты.

Ишке орношкон аялдардын арасында 20-34 жаштагылар азыраак, бул курактагы кыз-келиндердин көбү бала төрөгөндүктөн үйдө отурат.

Кызмат көрсөтүү тармагында аялдар көбүрөөк иштешет. Саламаттык сактоо тармагында 81%, билим берүүдө 79% кыз-келиндер эмгектенишет.

Өндүрүштө, тоо-кен тармагында жана жүк ташууда иштегендердин 96-98% эркектер.

2019-жылга карата эркектердин орточо эмгек акысы 18 724 сомду, аялдардыкы 14 421 сомду түздү.

Иштеген аялдар үй тиричилигине бир күндүк убакыттын 19% жумшаса, эркектер 6,5% эле жумшайт.

2019-жылы «Kloop» басылмасы үйдөгү акы төлөнбөгөн жумуштар тууралуу иликтөө жарыялаган. Журналисттер Кыргызстандагы үйлөрдө тамак-аш бышыруу, үй жыйноо, кир жуумай жана бала-чаканы кароо көбүнчө аялдардын мойнунда экенин, бул жумуштарга эркектерге караганда үч эсе көп убакыт кетиришерин изилдеп чыгышкан. Натыйжада бул көрүнүш кыргызстандык аялдардын окуусуна, иштешине жана өлкөнүн экономикасына өз салымын кошуусуна тоскоолдук кылат.

Үйдө акы төлөнбөгөн иштердин катарына айыл чарба жумуштары да кирип, өсүмдүктөргө кам көрүүдө, жыйым-теримде аялдар көбүрөөк иштешет.

Улуттук статистика комитети жарандардын жумушка орношуусу боюнча 2020-жылга карата көрсөткүчтөр изилденип бүтө элек экенин билдирди.(SE)

XS
SM
MD
LG