Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Түп районунда аялын өлтүргөн деп шек саналган киши ооруканада көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдүн Түп районунда өз аялын өлтүргөн деп шек саналган киши ооруканада көз жумду. Бул тууралуу маалымат райондук ооруканадан алынды.

Маалыматка караганда 45 жаштагы эркек киши 9-январда райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал өз жанын кыйыш үчүн малга берүүчү көк таш жана «Неоцидол» дарысын ичип ууланганы аныкталган.

Дарыгер Вадим Рачинский бейтаптын абалы өтө оор экенин аны кабыл алып жатканда эле билдирген. Бейтап он күндөн кийин, 19-январда ооруканада көз жумган.

Маркумга көзү тирүүсүндө аялы Гүлмайрамды өлтүрүүгө шектүү катары айып коюлуп, Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жаткан болчу.

Түп районунун 40 жаштагы тургуну Гүлмайрам 9-январда күйөөсүнүн колунан каза тапканы, күйөөсү уу ичип, ооруканага түшкөнү мурдараак кабарланган.

2020-жылы өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 факт катталган. Анын 947си гана кылмыш катары катталып, соттук кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 20-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди. (KS)

XS
SM
MD
LG