Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:10

Жо Байден президенттик кызматка киришүү үчүн Вашингтонго келди


АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден 20-январга белгиленген инаугурациясынын алдында өзү туулуп-өскөн Делавэр штатында коштошуу сөзүн сүйлөдү.

Иш-чара Жо Байдендин улуу баласы Жозеф «Бо» Байдендин ысымы берилген Делавэр штатынын Улуттук гвардиясынын үчүнчү резервисттер борборунда өттү. 2007-жылдан 2015-жылга чейин Делавэрдин башкы прокурору болуп иштеген Байдендин уулу оорудан улам көз жумган.

Шайланган президент Делавэр штатын ата-энесине «бардык керектүү нерселерди берген» жер деп атады.

Шайланган президент менен болочок биринчи айым шейшемби күнү кечинде Делавэр шаарынын Нью-Кастл аэропортунан Мэриленддеги «Эндрюс» аскердик базасына барып, ал жерден Вашингтонго кетишти. Шаршемби күнү баш калаада АКШнын 46-президенти ант берет.

«Associated Press» агенттиги инаугурацияга Дональд Трамп катышпай турганын белгиледи. Ак үй Трамптын коштошуу видеосун Байдендин учагы «Эндрюс» авиабазасына конуп жаткан учурда жарыялады.

Анда Трамп жаңы администрацияга бардык жакшылыктарды каалаган. Ошол эле маалда өзүнүн 20 мүнөттүк сөзүндө ал Байдендин аты-жөнүн бир да жолу атаган жок.

XS
SM
MD
LG