Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Трамп америкалыктарды жаңы өкмөттүн ийгилиги үчүн «сыйынууга» чакырды


Президент Дональд Трамп. Харлинген шаары, Техас штаты, АКШ. 2021-жылдын 12-январы.
Президент Дональд Трамп. Харлинген шаары, Техас штаты, АКШ. 2021-жылдын 12-январы.

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн коштошуу видео кайрылуусунда америкалыктарды шайланган президент Жо Байдендин 20-январда кызматка кирише турган өкмөтүнүн ийгилиги үчүн «сыйынууга» үндөдү. Бул кайрылууда ал ошондой эле өзүнүн бийликтеги төрт жылдык мөөнөтүнүн байсалдуу деп өзү санаган өңүттөрүн да атап өттү.

«Ушул аптада биз жаңы администрациянын ачылыш аземин өткөрөбүз жана бул өкмөттүн Американын коопсуздугун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуудагы ийгилиги үчүн сыйынабыз», – деди Трамп. Анын кайрылуусу 19-январда, кызматтан кетеринен бир күн мурда Ак үй тарабынан жарыяланды.

Бийликтен кетип жаткан республикачы президент Трамп бул видео кайрылуусунда 20-январда ант берип, кызматка киришмекчи болуп жаткан өзүнүн атаандашы, демократ Жо Байдендин атын эч атаган жок.

Трамп 2020-жылдын 3-ноябрындагы шайлоодо Байденге жеңилип калганын мойнуна албастан, жыйынтыкты кайра карап чыгууга далалаттанып келди. Бирок анын эч бир олуттуу далилсиз эле «добуштар бурмаланды» деген доолору АКШнын ар кыл соттору тарабынан четке кагылып жатты. Эки жолу анын тобунун арызы Жогорку сотто четке кагылды.

Трамп ошондой эле 20-январдагы Байдендин ант берүү аземине өзү катышпай тургандыгын билдирди. Бул бийликти тынч өткөрүү салты менен байланышкан америкалык жөрөлгөдөн четтөө катары бааланууда.

Ал эми Байдендин бийликти өткөрүп алуу тобунун өкүлдөрү Трамптын тобунун кызматташтыкка көңүлкош мамилесине нааразылык билдирип келишти.

Трамп өзүнүн президент катары видео кайрылуусунда 6-январдагы өз тарапташтарынын Капитолийге зомбулук менен кол салышы боюнча маселеге да кайрыла кетти. Анын тарапташтары Капитолийге кирип барып, Шайлоочулар коллегиясынын АКШ Конгрессинин жалпы отурумундагы былтыркы 3-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын күбөлөндүргөн баяндамасын бир нече саатка үзгүлтүккө учуратышкан.

Трамп «бардык америкалыктар биздин Капитолийге коюлган чабуулга төбө чачы тик тура мамиле кылышты», «саясий зордук-зомбулук – бул биздин америкалыктар катары бөпөлөп келген бардык асыл наркыбызга кол салуу болуп саналат» жана мындай жорукка «эч качан чыдоого болбойт» деп айтты.

6-январдагы зомбулукту президент Трамп алгачкы жолу кийинки күнү – 7-январда гана айыптаган.

Ал эми 13-январда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр Палатасында Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоору колдоого алынды. Добушка салынган импичмент тууралуу токтомдо 6-январдагы Капитолийдеги тополоңго байланыштуу президент Трампка карата «козголоңго шыкакчы болду» деген доо камтылган бир гана берене киргизилген.

Президент Д.Трамптын тарапташтарынын бири спикер Н.Пелосинин иш үстөлүнө «Биз артка чегинбейбиз» деп жазып кеткен. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Д.Трамптын тарапташтарынын бири спикер Н.Пелосинин иш үстөлүнө «Биз артка чегинбейбиз» деп жазып кеткен. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.

Трампка импичмент жарыялоону жактап 232 өкүл (анын ичинде 222 демократ) добуш берди, 197 өкүл каршы добуш берди, беш өкүл добуш берген жок. Өкүлдөр Палатасынын спикери, демократ Нэнси Пелоси айым бул токтомго кол коюп, ал күчүнө кирди.

Эми башкы өкүм Сенатка таандык. АКШ Сенаты бул маселени Трамп бийликтен кеткенден кийин деле добушка коё алат. Эгерде Сенаттын жалпы 100 мүчөсүнүн бери дегенде 67си импичментти колдочу болсо, анда моралдык өңүттөн тышкары, Трамптын «мурдагы президент» деген макамына кедерги тийчү айрым жагдайлар да түзүлмөкчү. (TT)

XS
SM
MD
LG