Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

АКШ: Шайлоочулар коллегиясы Байдендин президенттик шайлоодогу жеңишин тастыктады


Демократтар, шайланган президент Жо Байден менен шайланган вице-президент Камала Харрис. Бул сүрөт Уилмингтондо 2020-жылдын 20-августунда тартылган.
Демократтар, шайланган президент Жо Байден менен шайланган вице-президент Камала Харрис. Бул сүрөт Уилмингтондо 2020-жылдын 20-августунда тартылган.

Америка Кошмо Штаттарынын Шайлоочулар коллегиясы демократ талапкер Жо Байдендин 2020-жылдын 3-ноябрындагы президенттик шайлоодогу жеңишин тастыктады. Калифорния штатынан 55 шайлоочунун добушуна ээ болгон соң, Байден президенттикке шайлануу үчүн топтоого зарыл болгон 270 добуштун босогосунан өттү. Эми өлкөдө калган штаттардагы добуш берүү аяктаган соң жалпысынан Байденге 306 добуш берилери күтүлүп жатат. Бул жыйынтык тастыкталса, анда республикачылардын өкүлү, азыркы президент Дональд Трампка болгону 232 добуш тиймекчи.

Шайлоочулар коллегиясынын добушу демейде калайык анча этибар албаган бюрократтык кадам катары кабыл алынчу. Бирок бул жылы ага алда канча олуттуу назар бурулду, анткени президент Трамп өзүнүн жеңилгенин мойнуна албай келди. Ал шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга далалаттанып, 40тан ашуун арызды ар кыл сотторго жиберди, бирок анын аракети майнапсыз аяктады. Эки ирет ал АКШнын Жогорку сотунда жеңилүү ызасын тартты.

Шайлоочулар коллегиясынын системасы 538 добушту ар кыл штаттарга (алардагы калайыктын санына ылайык) бөлүштүрүүгө негизделген. Добуш берүү бүткүл өлкө аймагында өткөрүлдү.

Эми 14-декабрдагы иш-чара толук аяктаган соң, добуш берүүнүн жыйынтыктары Вашингтонго жиберилет. Бул жыйынтык 2021-жылдын 6-январында АКШнын Конгрессинин эки үйүнүн орток отурумунда расмий жарыяланат. Мыйзамга ылайык, АКШнын вице-президенти Майк Пенс Конгресстин биргелешкен отурумуна төрагалык кылмакчы.

Дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жетекчилери буга чейин эле Жо Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. Ал өзү болочок өкмөттүн курамын түзүү боюнча аракеттерге эмитен киришти. (TT)

XS
SM
MD
LG