Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Трамптын жактоочулары менен каршылаштары Вашингтондо кагылышты


Президент Трампты колдогон жана ага каршы тараптардын өкүлдөрү кагылышкан учурлардын бири. Вашингтон, АКШ. 2020-жылдын 12-декабры.
Президент Трампты колдогон жана ага каршы тараптардын өкүлдөрү кагылышкан учурлардын бири. Вашингтон, АКШ. 2020-жылдын 12-декабры.

АКШнын борбору Вашингтон шаарында жана өлкөнүн башка да айрым жерлеринде президент Дональд Трамптын тарапташтары менен анын каршылаштары 12-декабрда кагылышты.

Вашингтондо республикачы Дональд Трампты жактаган топтор 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо демократ Жо Байден жеңгени тууралуу жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышты. Алардын нааразылык жыйындары 14-декабрга белгиленген АКШнын Шайлоочулар коллегиясынын тагдыр чечээр отурумунун алдында акыркы ирет Трампты колдоо максатын көздөгөн. Бул коллегия Жо Байденди кийинки президент деп расмий шайлашы күтүлүүдө.

Трамп 3-ноябрдагы шайлоодо жеңилгенин мойнуна алуудан баш тартып келет. Ал өзү жана тарапташтары ондогон арыздарды жаадырып, бүткүл өлкө боюнча ар кыл укуктук чаралар аркылуу шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга далалат кылып келишти.

Маселен, «Добуш уурдоону токтот!» деген ураан менен бүткүл өлкө боюнча нааразылык жыйындары уюштурулду. Аларда президент Трамптын шайлоо бурмаланды деген, бирок олуттуу далилдерге негизденбеген дооматтары үстөккө-босток чагылдырылды.

Ашынган оңчул «Сыймыктуу уландар» (Proud Boys) тобунун өкүлдөрү менен каршылаштары кагылышууда. Вашингтондун ортосу. 2020-жылдын 12-декабры.
Ашынган оңчул «Сыймыктуу уландар» (Proud Boys) тобунун өкүлдөрү менен каршылаштары кагылышууда. Вашингтондун ортосу. 2020-жылдын 12-декабры.

Трампты колдогон ашынган оңчул «Сыймыктуу уландар» (Proud Boys) аттуу эркектерден гана турган оңчул топтор ишембиде кечкурун антирасачыл жана башка ар кыл солчул, либерал топтордун өкүлдөрү менен кагылыша кеткен учурлар катталды. Полициянын айтымында, 12-декабрда төрт киши бычакталды, бирок алар кайсы топко таандык экени ачык айтылган жок.

Кагылышуулар Вашингтон штатынын борбору Олимпия шаарында жана Калифорния штатынын борбору Сакраменто шаарында да болгону кабарланды.

14-декабрда, АКШнын чыгышындагы убакыт боюнча түшкү саат 12:00де (Бишкекте саат 23:00тө) мамлекеттик катчынын кеңсесинде Шайлоочулар коллегиясы чогулууда. Ар бир штаттан шайланган шайлоочулар өз добуштарын расмий түрдө тапшырып, тиешелүү күбөлөндүрмө алышат.

23-декабрга карата шайлоочулар кол койгон күбөлөндүрмөлөр Сенаттын президентине, вице-президент Майк Пенске жеткирилүүгө тийиш.

Ал эми 2021-жылдын 6-январында АКШ Конгрессинин эки палатасынын орток отурумунда добуш санагынын жыйынтыгы саналып, тастыкталат да, биротоло расмий жарыяланат.

Дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жетекчилери буга чейин эле Жо Байденди президенттикке шайланышы менен куттуктоого үлгүрүштү. Ал өзү болочок өкмөттүн курамын түзүү боюнча аракеттерге киришти. (TT)

XS
SM
MD
LG