Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:17

Трамп шайлоодо жеңилгени жарыяланса кызматын тапшырарын ырастады


Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп АКШдагы Алкыш айтуу күнүнө карата иш-чарада.
Дональд Трамп жана жубайы Мелания Трамп АКШдагы Алкыш айтуу күнүнө карата иш-чарада.

АКШ президенти Дональд Трамп Шайлоочулар коллегиясы Жо Байденди президенттик шайлоодо жеңүүчү катары тааныса кызматын тапшырарын алгач жолу ырастады. 26-ноябрда Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: «Албетте, мен муну кылам, аны силер да жакшы билесиңер», - деп билдирди.

Бирок ал дагы эле добуштарды эсептөөдө бурмалоого жол берди деген пикирде экенин эске салды.

«Жеңилгенди моюнга алуу кыйын болот, анткени баарыбыз билгендей, абдан кеңири масштабда алдамчылык болду», - деди Дональд Трамп.

Буга чейин Трамптын командасынын бир катар мүчөлөрү анын кызматын тапшырарын айтып жатышкан, бирок АКШ президенти алгач жолу расмий түрдө жеңүүчү аныкталган соң Ак үйдөн кетерин билдирди.

АКШдагы штаттардагы шайлоочулардын санына жараша түзүлгөн Шайлоочулар коллегиясы 14-декабрда чогулуп, Жо Байдендин жеңишин жарыялашы күтүлүүдө. Акыркы жыйынтыктар боюнча, Шайлоочулар коллегиясынын 538 мүчөсүнүн 306сынын добушун Байден, ал эми 232синин добушун Трамп алганы кабарланууда. АКШнын президенти болуп шайланыш үчүн 270 добуш алуу жетиштүү.

Буга чейин Трамптын шайлоо штабы добуш берүүдө жана аны саноодо мыйзам бузуу боюнча бир нече арызды сотторго жиберген. Бирок алардын дээрлик көпчүлүгү негизсиз деп четке кагылган болчу.

Дональд Трамп жеңилгенин расмий моюнуна албай жатканына карабай АКШнын Жалпы кызматтар башкармалыгы бийликти өткөрүп алуу жараянын баштоого макулдук берген.

Анын алкагында шайланган президент Жо Байден коопсуздук, финансы боюнча документтер менен таанышууга укук алып, кызматка киришүүгө даярдык көрө баштаган.

Жо Байден 2021-жылдын 20-январында ант берип, кызматка кириши керек.

Буга чейин Демократиялык партиянын мүчөсү Байден өз администрациясында маанилүү кызматтарды ээлөөчү талапкерлердин ысымын атаган.

Алардын көпчүлүгү Байден вице-президент болуп иштеп турган учурда өлкөнү башкарган Барак Обаманын администрациясында маанилүү кызматтарды ээлеген адамдар экени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG