Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 20:42

Трамп импичмент боюнча эки күбөнү кызматтан бошотту


АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланд кызматтан кетти.

Сонланд буга чейин Конгрессте президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча көрсөтмө берген. Ал кызматтан кетүүнү президент сунуштаганын билдирди. Ага чейин Улуттук коопсуздук кеңешинин кызматкери Александр Виндман кызматтан бошотулуп, АКШ Ак үйүнөн күзөт кызматынын кайтаруусу менен чыгарылган.

Виндман АКШ Конгрессинде көрсөтмө берип, Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийге мыйзамсыз талап койгонун билдирген. Ал эми Сондланд Зеленскийдин АКШга сапарынын бир шарты катары мурдагы вице-президент Жо Байдендин үй-бүлөсүнө карата иликтөө баштоону талап кылганын айткан болчу.

Сондланд Дональд Трамп президенттикке талапкер катары шайлоо кампаниясына эң көп акча сарптаган ишкерлердин бири болчу. Ал Трамп президенттикке шайланган соң АКШнын Европа Биримдигиндеги элчилигине дайындалган.

Ушул аптада АКШнын Сенаты Дональд Трампты президенттик кызматтан кетирүүгө каршы добуш берди. Трамп «Кызматынан кыянат пайдалануу» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча акталып, андан бардык айыптоолор алынган болчу.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG