Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Трамп Жоржиядагы сенаторлорду колдогон жыйында 3-ноябрдагы шайлоо тууралуу негизсиз доолорун кайталады


АКШ президенти Д. Трамп Жоржия штатынын Валдоста шаарында. 2020-жылдын 5-декабры.
АКШ президенти Д. Трамп Жоржия штатынын Валдоста шаарында. 2020-жылдын 5-декабры.

АКШ президенти Доналд Трамп 5-декабрда Жоржия штатындагы республикачы сенаторлорду 2-айлампада колдоо иретинде уюштурулган демонстрацияда чыгып сүйлөп, 3-ноябрдагы президенттик шайлоо жыйынтыгы одоно бурмалоолор менен жасалды деген эски дооматтарын кайталап сүйлөдү.

АКШнын Жоржия штатынын түштүгүндөгү Валдоста шаарында миңдеген кишилердин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Трамп: “Бул – одоно бурмалоо болду. Бул – түзөтүлгөн иш болуп калды”, – деди.

Демократ Жо Байден 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишти деп саналууда. 2020-жылдын 20-ноябрындагы маалымат.
Демократ Жо Байден 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишти деп саналууда. 2020-жылдын 20-ноябрындагы маалымат.

2021-жылдын 5-январына белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыккан республикачы сенаторлор Келли Лёффлер менен Дэвид Пердьюнун сенаторлукка талапкерлигине колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган жыйынга Трамптын далилсиз доомат сөзү өз көлөкөсүн тийгизди деп бааланууда.

Буга чейинки Трамптын өнөктүгүн жүргүзгөн топтун арыздарынын дээрлик бардыгы далилдердин жетишсиздигине байланыштуу делип четке кагылган болчу.

Жоржия штатынын расмий өкүлдөрү бул штатта Байден 12 миңден ашуун добушту көбүрөөк алып, жеңишке жетишти деп саал мурдараак тастыкташкан болчу.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өз отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Жо Байденди президент болуп шайланышы менен куттукташкан.

XS
SM
MD
LG