Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

АКШ: Шайлоодогу дооматтар иликтенет


АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн.
АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн.

АКШнын башкы прокурору Уильям Барр федералдык прокурорлорду шайлоодогу олуттуу дооматтарды иликтөөгө милдеттендирди.

Президент Дональд Трамп Жо Байдендин жеңишин таануудан баш тартып жатат жана добуш берүү кеңири көз боёмочулук менен коштолгонун эч бир далил келтирбестен билдирип келет.

Барр - Трамптын жакын жактоочуларынын бири жана аны буга чейин демократтар «сот системасын саясатташтырган» деп бир канча ирет айыпташкан.

Уильям Барр федералдык прокурорлорго Дональд Трамптын администрациясы Юстиция министрлигине кайрылгандан кийин кат жазды. Президенттин командасы шайлоодогу көз боёмочулук тууралуу бир катар штаттарда сотко арыз да жазган. Бирок Мичиган менен Жоржияда сот мындай арызды кабыл алуудан баш тартты. Бир катар эксперттер Трамптын юридикалык талаш-тартышы шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этпей турганын айтып жатышат.

Баррдын федералдык прокурорлорго жазган катында «шайлоодогу олуттуу дооматтар өтө кылдат мамилени талап кылат. Жалган, негизсиз, ойдон чыгарылган билдирүүлөр федералдык иликтөө баштоого негиз болбошу керек» деп айтылат.

Америкалык бир катар басылмалар Уильям Баррдын мындай катынан кийин Юстиция министрлигинин шайлоодогу мыйзам бузууга каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы кызматтан кетүү тууралуу арыз бергенин жазышты.

Баррдын катынын алдында Сенаттагы республикачылардын лидери Митч Макконнел Трамптын добуш берүү боюнча дооматтарын иликтөөгө чакырган:

Митч Макконнелл.
Митч Макконнелл.

«Бул жерде президенттик жарыш болуп жатат. Бир да штат шайлоонун жыйынтыгын азырынча расмий тастыктай элек. Бизде кеминде бир же эки штат добуштарды кайра саноого камынып жатат. Мен президент бери дегенде беш штатта соттук териштирүүгө барат деп ойлойм».

Демократтар болсо Трамп менен анын тарапташтарынын дооматтарын четке кагып жатышат. Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер шайлоодогу көз боёмочулук тууралуу негизсиз билдирүүлөр өлкөнүн баалуулуктарына сокку урарын эскертти:

«Президент менен анын тарапташтарынын «шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды, добуш берүүдө көз боёмочулук болду» деген билдирүүлөрү негизсиз. Мындай риторика биздин демократия үчүн өтө кооптуу жана өтө уулуу. Эгер штаттын мыйзамдары жол берсе президент сотко арыз жазып, добуштардын кайра саналышын талап кыла алат. Бирок негизсиз дооматтарды кароого мыйзамдык себеп жок. Доо арыз фактыга жана далидерге негизделиши керек. Жо Байден бул шайлоодо ачык-айкын жеңди».

Ал арада Трамп Байдендин жеңишин тааныбай жатышы жаңы шайланган президентин өткөөл мезгилдеги командасынын бийликти өткөрүп алышына жолтоо болууда. Алдыңкы медиа каражаттары мындан үч күн мурда Байденди жеңүүчү деп жарыялагандан бери бийлик алмашууда чарба иштерине жооптуу агенттик (GSA) Байдендин жеңишин тааныбай жатат. Ушундан улам шайланган президенттин тобуна федералдык агенттиктер, аткаминерлер менен иштешүүсүнө, салык төлөөчүлөрдүн каражатын пайдалануусуна уруксат берилген жок.

Байдендин өткөөл мезгилдеги тобу 9-ноябрда Чарба иштери боюнча агенттик Байдендин шайлоодо жеңгенин тааныбаса сотко кайрыларын эскертти. Бул агенттик кандайдыр бир корутунду чыгарыла элек экенин билдирди. Мекеме тараткан билдирүүдө «мыйзамдын бардык талаптарын сактайбыз жана аткарабыз» деп жазылган.

АКШда добуш берүүнүн жыйынтыгын ар бир штат өз алдынча чыгарат. Азырынча бир да штат добуш берүүнүн жыйынтыгын расмий тастыктай элек. Бул иштер 14-декабрга чейин, шайлоочулар коллегиясы президентти расмий шайлоого чогулганча аягына чыгарылышы керек. Алдын ала эсеп боюнча Байден бул шайлоодо шайлоочулар коллегиясынын кеминде 279 добушун алды. Кошмо Штаттарда шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат.

XS
SM
MD
LG