Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

АКШнын Федералдык тергөө бюросу спикер Пелосинин ноутбугунун уурдалышы боюнча ишти тергөөдө


Президент Д.Трамптын тарапташтарынын бири спикер Н.Пелосинин иш үстөлүнө "Биз артка чегинбейбиз" деп жазып кеткен. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.
Президент Д.Трамптын тарапташтарынын бири спикер Н.Пелосинин иш үстөлүнө "Биз артка чегинбейбиз" деп жазып кеткен. Капитолий, Вашингтон. 2021-жылдын 6-январы.

АКШнын тартип сактоо органдары АКШ Когрессинин төмөнкү үйү – Өкүлдөр үйүнүн спикери Нэнси Пелоси айымдын кеңсесинен ноутбуктун же сырткаркы маалымат сактагычтын уурдалышынын ыктымалдуулугун иликтөөдө.

Сот материалдарынан алынган маалыматка караганда, Пенсилвания штатынын тургуну Райли Жун Уилямс деген айым 6-январда президент Трамптын тарапташтарынын Капитолийге жасаган чабуулу маалында жоголду деп шектелген жабдууну кеңседен уурдап чыгып, орусиялык чалгын кызматына сатууга далаалат жасаган деп жоромол кылынууда.

АКШнын Федералдык тергөө бюросунун (ФТБ) өкүлү чындыкты гана айтуу антын берген соң, өз көрсөтмөлөрүн жазуу жүзүндө баяндаган. Бул маалымат жекшембиде кечкурун жарык көргөн.

Уилямс айымга Капитолийгке уруксатсыз кирген деген доо боюнча айып сыртынан тагылган.

Капитолийге жасалган чабуул маалында айрым жашыруун сырлары бар электрондук жабдуулар уурдалган болушу мүмкүн деген чочулоолор буга чейин эле айтылып келген.

АКШ прокурорунун милдетин аткаруучу Майк Шервин 6-январдагы чабуулда айрым компүтерлик жабдуулардын уурдалышы «улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына» коркунуч келтириши ыктымал, деп билдирген.

Колумбия аймагынын сотуна берилген жазма түрүндөгү көрсөтмөгө ылайык, өзүн Уилямс айымдын бир кездердеги ынагы санаган бир киши алиги шектүү иш боюнча ФТБга шыбыштаган.

Бул киши Уилямс айым «компүтерди өзүнүн Орусиядагы досуна жөнөтүп, ал досу аркылуу Орусиянын чалгын кызматына сатуу ниетинде» болгонун айткан деп билдирген. Бул кишинин айтымында, белгисиз себептерден улам компүтерди Орусияга жөнөтүү аракети майнапсыз аяктаган. Балким, бул компүтер дагы эле Уилямстын колунда, же болбосо, таптакыр ойрондолгон болушу да ыктымал, деген алиги айгакчы киши.

Ал эми Уилямс айымдын пикирин билүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. ФТБнын айтымында, Уилямс айым Пенсилвания штатындагы Гарисбергге жакын жашап жаткан жайын таштап чыгып кеткен, уюкфон номуру менен интернеттеги коомдук тармактардагы эсептерин толук өчүрүп салган.

Спикер Пелосинин өкүлү Дрю Хэммилл да бул тууралуу азырынча эч кандай билдирүү жасаган жок.

Капитолий 6-январда бир нече саатка Трамптын демонстрант жактоочуларынын колуна түшүп, кайра бошотулгандан 2 күндөн кийин Хэммилл мырза Пелосинин кеңсесиндеги жыйындар залындагы бир ноутбук уурдалган деп билдирген. Уилямс уурдады го деп шектелип жаткан ноутбук ошол жабдуубу же башкабы, азырынча белгисиз.

Капитолийдеги тополоң. 2021-жылдын 6-январы.
Капитолийдеги тополоң. 2021-жылдын 6-январы.

Шайланган президент Жо Байден президент Доналд Трампты 6-январдагы Капитолийге жасалган чабуул үчүн «чогулган калайыкты 160 миллиондой америкалыктын берген добушун көзгө илбей коюу үчүн колдонууга далаалат жасады» деп айыптаган. Ал эми тополоңчуларды Байден «ички террорчулар» деп кескин айыптаган.

7-январда Трамп өзү Капитолийдеги тополоңду айыптап чыккан, бирок өзүнө карата айтылган «шыкакчы болду» деген доолорду четке каккан.

Конгресстин Өкүлдөр үйү Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюция долбоорун көпчүлүк добуш менен жактады, бирок бул маселени Сенат президент Трамп 20-январда бийликтен биротоло кеткен соң гана карашы ыктымал. (TT)

XS
SM
MD
LG