Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Байден «АКШны сактоо планын» жарыялады


Жо Байден баасы 1,9 триллион долларга бааланган планын ант берип, кызматка расмий киришкен күндөн тартып ишке ашырууга убада берди.
Жо Байден баасы 1,9 триллион долларга бааланган планын ант берип, кызматка расмий киришкен күндөн тартып ишке ашырууга убада берди.

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюуга багытталган планын жарыялады. Ал 20-январда ант берип кызматка расмий киришет.

Кошмо Штаттар өпкөнү сезгенткен илдет жуккан жана андан көз жумган адамдардын саны жагынан дүйнөдө биринчи орунда турат.

Жо Байден баасы 1,9 триллион долларга бааланган планын ант берип, кызматка расмий киришкен күндөн тартып ишке ашырууга убада берди.

Ал бейшембиде Делавер штатында сүйлөп жатып, Кошмо Штаттар пандемия шартында чукул жардамга муктаж экенин айтты. Эгер анын планы ишке ашса, бул чыгым эселеп кайтарыларын билдирди.

«Адамдарды азап-тозокко салган каатчылыкта убакытты текке кетирбешибиз керек. Биз кыймылдап, азыр аракеттенишибиз керек. Бул инвестиция жумуш орду түрүндө кайтып келет. Узак мөөнөттөгү экономикалык кесепеттин алдын алат. Мындай кыйчалыш шартта кол куушуруп отура албайбыз», - деди Байден.

Жо Байдендин планына ылайык, коронавируска каршы эмдөө, тест жүргүзүү өңдүү чараларга 400 миллиард доллар берилет. Ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйөт. Тактап айтканда, кайсы бир талаптарга жооп берген жарандарга 1400 доллардан берилет. Андан сырткары жумушунан айрылган адамдар ушул жылдын сентябрь айына чейин ай сайын 400 доллардан федералдык жөлөк пул алышат.

Жо Байдендин планын эми Конгресс бекитип бериши керек.

Конресстеги демократтардын башчылары Нэнси Пелоси менен Чак Шумер бул планды кубаттап чыкты. Алар чогуу тараткан кайрылууда: «Байден менен Харристин администрациясы жарыялаган план - каатчылыктын кесепетин жоюуда туура чечим. Акыр-аягы демократтардын Ак үйдө муктаждарга тез арада жардам берүү зарыл экенин түшүнгөн өнөктөшү пайда болду», деп айтылат.

Өткөн айдын аягында кызматтык мөөнөтү соңуна чыгып калган президент Дональд Трамп пандемиядан жабыркаган экономикага 900 миллиард доллар бөлүү тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон. Ал 11 миллион жаранга жумушсуздук боюнча кошумча жөлөк пул төлөөнү караган документке кол коюудан бир нече күн бою баш тартып туруп алган.

Анда кирешеси аз америкалыктарга бир жолу 600 доллардан төлөп берүү каралган. Бирок Трамп бул акча өтө аз деп, эки миң долларга чейин көбөйтүүнү сунуш кылган. Президент федералдык өкмөткө сентябрга чейин 1,4 триллион доллар бөлүүгө да каршы чыккан.

Быйыл жазында АКШ Конгресси пандемиядан келип чыккан кризиске туруштук бериш үчүн өлкө экономикасына 2,7 триллион доллар бөлүүнү чечкен.

АКШда коронавирус болгон адамдардын саны 23,4 миллиондон ашып, бул оору 390 миңдей бейтаптын жанын кыйды.

XS
SM
MD
LG