Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:28

HRW Байденди адам укуктарына көбүрөөк көңүл бурууга чакырды


Эл аралык «чHuman Rights Watch«» (HRW) укук коргоо уюму жаңы шайланган президент Жо Байденди АКШнын адам укуктары жаатында өзүнө алган милдеттенмелерин күчөтүүгө чакырды.

Президент Дональд Трамп өз өлкөсүндөгү жана дүйнөдөгү адам укуктары үчүн «өтө начар» болду, деп белгиледи уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот жылдык баяндамасынын кириш сөзүндө.

Укук коргоочулар 100гө жакын өлкөдөгү абалга байкоо жүргүзгөн. 13-январда жарык көргөн баяндаманын авторлору 2020-жылы Кытай өкмөтүнүн авторитардык табияты «даана байкалды» деп эсептешет. Өлкө боюнча куугунтук күчөгөнү, Гонконгго улуттук коопсуздук боюнча катуу мыйзам таңууланганы, Шинжаңда мусулмандар кармалып, «күчтөп жумушка салынганы, көзөмөлгө алынганы» белгиленет.

«Орусияда бийлик коронавирус пандемиясын шылтоо кылып, адам укуктарын чектеген, адамдын жеке жашоосуна шек келтирген жоболорду киргизген», - деп жазат уюм.

Өткөн августтан бери бийликке каршы нааразылык тынчыбай келаткан Беларустагы абалга HRW кеңири токтолуп, коопсуздук күчтөрү миңдеген кишини туш келди кармап, жүздөгөн адамдар кыйноого туш болгонун жазат.

Уюм ошондой эле Иран, Пакистан, Венгрия, Косовдо жана башка жерлердеги абалды талдаган.

Кыргызстанга арналган бөлүгүндө адам укуктары чөйрөсүндө бир катар мыйзам бузуу фактылары болгону белгиленет. Уюм укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдө көз жумганына, октябрдагы саясий окуяларды чагылдырган журналисттердин опузага кабылганына жана коронавирус чектөөлөрүнүн маалында үй-бүлөлүк зомбулуктун көбөйгөнүнө көңүл бурган.

XS
SM
MD
LG