Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Эстониянын өкмөт башчысы Ратас жемкорлук чуусуна байланыштуу кызматтан кетти


Юри Ратас.
Юри Ратас.

Эстониянын премьер-министри Юри Ратас (Juri Ratas) жемкорлукка байланыштуу жаңжалдын айынан кызматынан кетти. Бул тууралуу өкмөт башчы оболу 13-январда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Андан соң Ратас өлкө президенти Керсти Кальюлайд (Kersti Kalijlaid) айымга өзүнүн кызматтан баш тартуу жөнүндө арызын 13-январда тапшырды.

Президент Кальюланд айым жаңы өкмөттү куроо милдетин оппозициячыл «Реформалар партиясынын» лидери Кая Каллас (Kaja Kallas) айымга тапшырганы маалымдалды.

Алдыңкы күнү (12-январда) өлкөнүн коопсуздук полициясы Ратас жетектеген Чордончул партиянын баш катчысы Михаил Корб, финансы министринин кеңешчиси Керсти Крахт айым, ишкер Хиллар Тедер жана аты аталбаган дагы эки киши кылмыш боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Полиция ишкер Тедер менен Корб бийликтеги партияга жергиликтүү шайлоо өнөктүгүнө чейин 1 миллион евро берет деп макулдашкан деп эсептейт.

Ал үчүн Корб Таллин мэриясы аркылуу Тедер менен байланыштагы «Porto Franco» аттуу фирмага жакшы шартта жол курулушунун долбоорун бермек.

Финансы министринин кеңешчиси да ал иштен өзүнө пара алмак деп шек саналууда.

Эгерде Тедер менен Крахт айымдын күнөөлөрү тастыкталса, анда алар 10 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилиши ажеп эмес. Ал эми Чордончул партия акчалай жаза тартышы мүмкүн. Бул тууралуу Эстониянын улуттук телерадио корпорациясы маалымдады.

Юри Ратас 2016-жылдан бери коалициялык өкмөттү жетектеп келген.

Парламенттик башкаруу системасы өкүм сүргөн Эстониядагы кезектеги парламенттик шайлоо 2023-жылдын мартында болмокчу.

XS
SM
MD
LG