Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:52

Латвия: Орус медиасын чектеген мыйзам


Дмитрий Киселев

5-августта Армениянын президенти Армен Сарксиян чет элдик каналдардын, анын ичинде орусиялык каналдардын берүүлөрүн чектеген буйрукка кол койду. Ага чейин Латвия жана Литва "Russia Today" мамлекеттик тобунун бир нече берүүлөрүнө тыюу салган.

5-августта Армениянын президенти Армен Сарксиян чет элдик каналдардын, анын ичинде орусиялык каналдардын берүүлөрүн чектеген буйрукка кол койду. "Кара тизмеге" "Биринчи канал", "РТР Планета" жана "Россия.Культура" каналдары киргизилди. Жаңы жобого ылайык, эми чет өлкөлүк программаларды мамлекеттер аралык келишимдин негизинде гана трансляция кылса болот.

Өткөн айдын башында Латвиянын Электрондук маалымат каражаттар боюнча улуттук кеңеши орусиялык "RT – Russia Today" мамлекеттик тобунун жети телеканалынын - арасында англис, араб, испан тилиндеги берүүлөрүнө тыюу салган.

Кеңеш жетекчилигинин айтымында, бул телеканалдар Орусиянын негизги үгүтчүсү, Евробиримдиктин санкциялар тизмесине киргизилген Дмитрий Киселевдун көзөмөлүндө.

Латвиянын артынан Литва да ушундай эле кадамга барды.

Ригадагы Туриба университетинин коммуникация факультетинин профессору, Электрондук маалымат каражаттары боюнча улуттук кеңешинин мурдагы төрагасы Айнарс Димантс Латвиядагы орусиялык каналдар тууралуу айтып берди.

"Бул кадам көбүрөөк символикалык мааниге ээ деп айтаар элем", - деди Айнарс Димантс.

- "RT – Russia" Today агенттигинин чет тилдердеги каналдары Латвияда көп көрүлбөйт. Алар Еврошаркеттин башка өлкөлөрүндө популярдуу, ошол тилдерде сүйлөгөн аудиториясы кеңири. Менимче, Латвия аларга тыюу салган биримдиктин биринчи мүчөсү болуп калды. Балким башка мамлекеттерге прецедент түзүү үчүн жасалган кадам. Андан тышкары юридикалык жактан алганда бул абдан өзгөчө аракет болду.

Себеби, сөз болгон каналдар мазмуну үчүн эмес, аларды Кремлдин негизги пропагандачысы Дмитрий Киселев жетектегени үчүн тыюу салынып отурат. Ошол телеканалдар кирген "Russia Today" агенттигинин башкы директору Киселев шаркеттин санкциялар тизмесине камтылган. Латвияда кабелдик жана спутник телеканалдарын ретрансляциялоо тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, кайсы бир канал санкциялар салынган адамга таандык же ошондой адамдын жетектөөсүндө болсо, анда ал каналдын берүүлөрү чектелүүгө же тыюу салынууга тийиш.

- Ал эми орусиялык каналдарга мазмуну үчүн тыюу салынган учурлар болду беле?

- Ооба, андай учурлар Латвия жана Литвада болгон. Орусиянын Украинага каршы агрессиясынан, Крымдын аннексиясынан кийин, 2014-жылдын мартынан баштап, өзгөчө алгачкы күндөрдө украиналыктарга каршы кастыкты, жек көрүүнү козутууга негизделген үгүт көп болуп жатты. Мен ошондо Электрондук маалымат каражаттары боюнча улуттук кеңешти жетектеп тургам. Биз "РТР-Россия" же башкача аталышы "РТР Планета" телеканалынын ретрансляциясын адегенде үч айга, анан жарым жылга убактылуу токтотуп, кийин ал мөөнөт узартылган. Андан улам алар рекламадан түшкөн кирешеден ажырап калышкан. Бул экономикалык санкция болгон.

- Демек, ал убактылуу чара болгон экен жана "РТР-Россия" азыр кайра иштеп жатат. Латвияда дагы кайсы орусиялык каналдарды көрсө болот?

Ригадагы Туриба университетинин коммункация факультетинин профессору Айнарс Димантс
Ригадагы Туриба университетинин коммункация факультетинин профессору Айнарс Димантс

- Бизде Орусиянын негизги телеканалдарынын баары бар. Алардын көбү бирок Латвияда эмес, башка жерлерде, Британия же Швецияда катталган. Ал каналдар берүүлөрүн спутник же кабель аркылуу атайын Латвия үчүн тартуулашат. Жарнамалары да өлкө рыногуна ылайыкташтырылган. Ушундай эле шартта Эстония жана Литвада иш алып барышат. Мына ушундай кызыктуу юридикалык конструкция түзүлгөн десем болот. Укуктук жактан ал каналдар үчүнчү мамлекеттики эмес европалык болуп эсептелет жана катталган өлкөнүн юрисдикциясында иштейт.

- Орусиялык ошол каналдардын кээ бир программалары ачыктан ачык эле пропагандадай туюлат. Ошол эле Украинаны, Батышты көп жамандашат...

- Бизде сөз эркиндиги бар. Керек болсо реклама да пропаганда. Бирок биз ага тыюу салбайбыз. Бирок үгүт менен маалыматтын чеги кайсы жерде? Кастыкка козутуу башталса, Еврошаркеттин директиваларында жазылган атайын жол-жоболор иштелип чыккан. Электрондук маалымат каражаттары боюнча улуттук агенттиктер ретрансляция болгон бардык программалардын мониторингин жүргүзүп турушат.

- Тигил же бул каналды чектөө кайсы бир аналитика, маалыматтарга карап кабыл алынабы?

- Телеканал Евробиримдикте катталган болсо жана айткандай, ошол өлкөнүн жана жалпы шаркеттин юрисдикциясына өтөт. Евробиримдикте сөз эркиндигине кепилдик берилет. Ошон үчүн орусиялык каналдар ошол жакта катталууга ыкташат. Алардын ишине байкоо салган мекемелердин чечимин сотто талашууга мүмкүнчүлүгү болот. Кайсы бир канал мыйзамды бузса, биринчи кадам катары айып пул салынат. Андан кийин иши убактылуу токтотулат. Аналитиканын негизинде кастыкты козутууга багыттаган пропаганда бар экени далилденсе, документ, кагаздарды толтурабыз, анан сотко кайрылабыз. Бирок ал чечимди телеканал сотто талашса болот.

Шаркеттин мыйзамдарына ылайык сөзсүз экинчи тараптын да пикир, жүйөлөрүн угуу керек. Жөн эле бир күндө алып туруп жаап салса болот деген ой жаңылыш. Анан гана Еврокомиссияга ушундай маселе чыгып жатат, тигил же бул каналдын ретрансляциялары ушундай негизде токтотулуп жатат деген маалымат берилет. Комиссия карап чыгып, чечим канчалык туура экенин баалайт. Ошондон кийин деле каналдын сотко кайрылууга укугу кала берет. Бул абдан жай, майда-чүйдөсү көп процесс.

- "Russia Today" жогорудагы чечимди талаша алабы?

- Менимче, ооба, талаша алат. Бирок абдан оор болот. Буга чейинки тажрыйба көргөзгөндөй, кылгылыкты кылган киши өз күнөөсүн билет.

"РТР Планета" Латвия жана Литвада убактылуу токтотулганда Орусия чечимди талашкан эмес. Еврокомиссия да ал чечим негиздүү болгон деп жооп берген. Дагы бир белгилей кетчү нерсе "Russia Today" агенттигине байланышкан тыюу Латвиянын өзүнүн мыйзамдарына ылайык салынып отурат. Ал эми башка өлкөлөрдө, ошол эле Британия же Германияда андай мыйзам жок болсо, анда биздин кадам башкаларга үлгү болот деп айтуу кыйын.

- Латвия парламенти "телеканалдардын кошумча пакеттерине кирген берүүлөрдүн белгилүү бир проценти Еврошаркеттин тилдеринде болушу керек" деген түзөтүүнү карап жатыптыр. Кабыл алынып калса, анда кандай өзгөрүүлөр болот?

- Ошол норма кабыл алынып калса, анда Орусиянын федералдык деп аталган пропагандалык каналдары ошол пакеттерге камтылат деп ойлойм. Себеби, алар популярдуу. Ал каналдарда үгүт гана эмес көңүл ачуучу берүүлөр, фильмдер да көп. Албетте ошол фильмдер белгилүү бир максатты көздөйт.

Менимче, ошол каналдар калып, альтернативдүү маалымат берген «ТВ Дождь» же «Настояшее время» каналдары артыкчылык берилген пакеттерге кирбей калат. Себеби, анда орус тилиндеги берүүлөр көп болуп кетет жана белгиленген проценттен ашат. Кабелдик операторлор пакетке кайсы каналды киргизерин өздөрү чечет, албетте алар популярдууларын тандашат. Ал эми пропагандалык каналдар жакшы каржылангандан улам башкаларга караганда аларды көп көрүшөт. Мыйзамдын терс таасиринин алдын алуу үчүн азыр парламентте талкуу жүрүп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG