Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Латвия орус тилдүү эки ЖМКны каржылабайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Латвияда эки орус тилдүү коомдук маалымат каражаты бирдей жабылганы турат. Өкмөт Латвия радиосу менен LSM порталынын орус тилдүү редакциясын быйылкы жылдын бюджетине киргизген жок.

Өлкөдө «мунун кесепети Орусияга пайдалуу болушу мүмкүн» деген пикирлер айтыла баштады.

Латвия радиосу менен LSM порталы жабылса, өлкөдө орус тилинде чыккан ЛТВ7 телеканалы гана калат. Ал телеканал бир күндө бир нече саат гана обого чыгып, орус тилиндеги берүүлөр кечки программасында гана көрсөтүлөт. Латвиялык саясат таануучу Филипп Раевский өкмөттүн позициясына мындай баа берди:

- «Латыш тилинде окуп, латыш тилинде уксун» деген саясатчылар көп. Мындай пикирлерди да чийип салууга болбойт. Себеби, «орус тилдүүбүз» деген үй-бүлөлөрдүн 49-50 пайызы латыш тилинде маалымат алат деген иликтөөлөр болгон. Ошол эле кезде элдин латыш тилин жеткиликтүү билбеген бөлүгү бар да.

ЛТВ7 телеканалынын башкы редактору Екатерина Сафронованын айтымында, Латвияда орус тилдүү маалымат каражаттары орусиялык каналдар менен атаандаш болууга аргасыз.

- Биз ар дайым Латвиядагы орус тилдүү аудиторияны жактайбыз, - деди ал. - Ооба, биз өзүбүз орус улутунда болгонубуз үчүн мындай маселелерди алып чыгып, коргой албайбыз. Бирок бизде талкуу, маектерди уюштуруп, абалды талдоо мүмкүнчүлүгүбүз бар.

«Латвияда орусча чыккан жергиликтүү маалымат каражаттары жабылса, орус тилдүү аудитория Орусиянын медиасына оойт» деп кооптонгондор да чыгат. Азыр бийлик орусиялык маалымат каражаттары менен да күрөшүп жатат. Быйыл февралдын башында өлкөдө Орусиянын мамлекеттик телеканалынын көрсөтүлүшүнө үч айга тыюу салынган. Канал бардык кабелдик түйүндөрдөн да алынган.

Латвиядагы «Baltcom» телерадио каналынын журналисти Вадим Радионов - өкмөттүн соңку чечимин сындагандардын бири.

- Коомчулуктун мынчалык көп сандагы орус тилдүү бөлүгү менен ошол тилде сүйлөшүү керек, - деди журналист. - Эгер бийлик орус тилдүү маалымат каражаттарын жабууну чечсе акылсыздык кылат. Анткени, бул аудитория «кремлдики» деген маалымат каражаттарына өтүп кетет. Ансыз деле алар кайсы бир деңгээлде орусиялык сегментти колдонушат. Бирок азырынча латвиялык орус тилдүү медиа ага атаандаш болуп турат.

Бюджетке киргизилбеген радио менен порталды каржылаш үчүн Латвиянын бюджетинен жыл сайын 300 миң евро сарпталып келген.

Учурда орус тилиндеги жергиликтүү медианы Электрондук маалымат каражаттары кеңеши коргоп жатат. Аталган кеңеш өзүнүн маалымат мейкиндигин коргош үчүн «латыш мамлекети анча деле жакыр эмес» деген көз карашта.

Латвияда калктын үчтөн бирин орус тилдүүлөр түзөт. Бийлик орус тилиндеги жергиликтүү берүүлөрдү чыгаруу тууралуу буга чейинки өтүнүчтөргө жооп кайтара элек. Мамлекеттик колдоосуз орус тилинде чыккан көптөгөн басылмалар жабылып же каржылык кыйынчылыктардан улам толук иштей албай турат. Андыктан бул боштукту башка ресурстар, анын ичинде Орусия каржылаган булактар толтурууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG